АКЧАНЫ КАНТИП ТОПТОП, КӨБӨЙТҮҮ КЕРЕК?

Израилдин эли акча табуу таланты менен белгилүү. Бирок акчаны көп табуу үчүн еврей болуштун зарылчылыгы жок. Болгону бир нече эрежелерди эске алуу жетиштүү. «Ошондо ийгилик өзү келет» дейт ишкер Данияр Чормошев.

Акчаны кантип көп таап, ийгиликтүү болуу керектигин окумуштуулар жүздөгөн жылдардан бери изилдеп, бул адамдын каалоосунан көз каранды экендигин далилдешкен. Демек, бир күндө мээге 60 миң ой келсе, анын 70 пайызы акча тууралуу болушу керек.

Акча көп табууга болгон каалоо 100 пайыз эмес, 300 пайыз болушу шарт. Келечектеги жакшы жашоого ишенбей, айлыгыбызга, таанышыбызга, чөнтөгүбүзгө карап тилек кылганыбыз туура эмес. Көп акча, байлыкты кабыл алганга адамдын жан дүйнөсү, интеллектуалдык деңгээли даяр болушу зарыл. Аны менен катар сөзүбүздү, сезимибизди, эмоцияларыбызды көзөмөлдөй билишибиз керек.

Акча көп табуу керек деп өтө каалап алдыга умтулуңуз.

Кичинекей чөп ташты жарып чыккан сыяктуу канчалык кыйынчылык болбосун бул оюңуз ишке ашат.

Каражат көп алып келүүчү иш баштаарда эч бир күмөн санабай, тобокелчиликке баруу көп киреше табууга жол ача турган фактор.

«Ката кетирип алсамчы?» деген сыяктуу коркуу сезимдерин артка таштаңыз.

«Эл эмне дейт?» дегенди токтотуп, ашыкча катышты азайтуу керек. Ошондо катышка кеткен каражат чөнтөгүңүздө калып, акчаңыздын көбөйүүсүнө салым кошот.

КӨП КИРЕШЕ ТАБАМ ДЕГЕНДЕРГЕ КЫМБАТ КЕҢЕШ

1. Сиз бир компанияга жөнөкөй жумушчу болуп ишке орноштуңуз. Айлык акыңыз аз, ал эми сатуу бөлүмүндөгү кызматкерлердин маянасы сиздикинен эки эсеге көп. Сизге кеңеш: курска катышып, билимиңизди жогорулатуу менен көп акча төлөнчү бөлүмгө которулуп, эки эсе көп айлык акыга ээ болуңуз.

2. Балким, сиз өнөрлүү адамсыз, айылда чапан тигип же килем токуп сатасыз. Ал жакта кардарлар сиздин эмгегиңизди арзанга баалайт. Андыктан товарыңызды шаарга келип сатсаңыз кымбатыраак болуп, кардарыңыз көбөйөт. Адам бир жерде отурбай изденсе, кирешеси өсөт.

3. Врач, мугалимдердин айлыгы аз. Өз ишин мыкты билген врач Мамлекеттик ооруканада саат 5ке чейин иштесе, андан кийинки убактысында жеке клиника ачып, кардарларды тейлесе болот. Мугалимдер деле ошол сыяктуу, сабактан кийин ар кандай ийримдерди ачып, көп акча тапса болот.

4. Жумуштан кийин ийгиликтүү адамдар менен жолугуп баарлашып, акыркы чыккан китептер, семинар-тренингдерге барып туруңуз. Ошентип тил үйрөнүп, ишкана ачсаңыз да ашыкча болбойт.

5. Жумушуңуздан бошосоңуз эле ачка кала тургандай коркпоңуз. Бир эшик жабылмайынча, экинчиси ачылбайт. «Жок, жумушумдан кол жуугум келбейт» дегендердин катарында болсоңуз, жумуштан кийин, дем алыш күндөрү эшиктин алдына малина, помидор тигип, түшүмүн сатсаңыз акча. Каалоо болсо баарына жетишсе болот.

6. Өзгөчө идея таап, ошону ишке ашыруу менен көп акча табыңыз. Мисалы, Фейсбукту ойлоп тапкан жаш миллиардер Марк Цукербергди, кыргыз суусундуктарын чыгарып көп киреше тапкан маркум Табылды Эгембердиевди алсак болот. Бирок мындай идеяларды ойлоп тапкандар аз кездешет.

7. Актив – деп акча алып келе турган булакты айтабыз. Ал эми пассив – акчаны корото турган тарап. Буга үйүбүз, машинабыз кирет. Ошондуктан үйгө керексиз буюмдарды алып, машинаны улам алмаштырып акча корото бербей, активди көбөйтүүбүз зарыл. Ал үчүн мал алып койсоңуз өзү да, эти да, сүтү да, жүнү да акча. Дүкөн же кафе ачып, ижарага бериңиз. Күнөсканаларды куруп иштетиңиз.

8. Учурда социалдык тармактар аркылуу акча табуунун жолдору популярдуу болуп жаткан кез. Баракчаңызда колдонуучуларыңыздын санын көбөйтүп, ар кандай компаниялардын, дүкөндөрдүн товарларын жарнамалап, кошумча кирешеге ээ болуңуз.

9. Депозит ачып, ага ай сайын айлык акыңыздын 10 пайызын салып турсаңыз, билинбей эле акчаңыз чогула берет.

БАЙЛАРДЫ ЖАКШЫ КӨРҮҢҮЗ

  • Биз байлыкты, ийгиликтүү адамдарды жаман көрсөк, ал нерсеге эч качан жете албайбыз.
  • Акча көп тапкан адамдардын ийгилигин кубануу менен кабыл алып, көрө албастыкты, ичи тардыкты токтотушубуз керек.
  • Акчаны душман көрсөңүз, ал сизге эч качан келбейт. Аны ички ишенимибизде жакшы нерсе катары кабыл алышыбыз зарыл.
  • Акча ар кайсы жол менен келет, соода жасоодон, балким, китеп жазып чыгаруудан… Андыктан бул жагын чектебешибиз керек.
  • Ошондой эле ар ким шыгына жараша акча табарын эске алыңыз. Эгерде сиз өз кесибиңиздин мыкты адиси болсоңуз, акча менен кызмат артыңыздан калбай, дайыма сиз менен бирге болууга ашыгат.

САРАМЖАЛДУУ БОЛУУНУ ҮЙРӨНҮҢҮЗ

  • Бакчаңызга картошка, пияз, сабиз, помидор, керектүү жер-жемиштерди тигип алсаңыз, азык-түлүккө кеткен каражатыңызды эки эсе үнөмдөйсүз. Нан сатып жебей, ун алып коюңуз. Бир жылда нанга 27 миң сом жумшаган болсоңуз, ун алып бышырып жесеңиз 20 миң сомду арттырган болосуз. Жакын жерге да маршруттук таксиге түшө бергенди токтотуп, жөө басыңыз. Бул чөнтөгүңүзгө эле эмес, ден соолугуңузга да пайда. Күрүч, макарон сыяктуу азык-түлүктү дүңүнөн сатчу жерден көп алып койсоңуз акчаңыз үнөмдөлөт. Кышкы кийимди жайында, жайкыны кышында алуу туура. Ошондо 50 пайызга чейин арзан аласыз. Акча көп топтолушу үчүн чыгашаны да, кирешени да жазып, акчаны туура жумшадыңызбы же абага сапырып ийдиңизби, көзөмөлдөп туруңуз.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу