Акчалуу болуш үчүн…

Акча сөзүн түшүндүрбөсөк да белгилүү. Ар бир адам бай болгусу келет. Бул дүйнөдө тарчылык көрүп өмүр кечирген албетте, эч кимге жакпайт. «Жумуш жок», «акча жок» деп отуруу кыйын эмес. Бирок оозуңузга тамакты бирөө салса да, аш болбой тургандыгын эсиңизден чыгарбаңыз! Акчанын башын куроо ар дайым эле кыйын болуп саналат. Ал үчүн белгилүү бай адамдардын кеңешине кулак турө жүрүңүз!

Дүйнөдөгү эң бай адамдардын басып өткөн жолдору кызыктарга бай. Көпчүлүгүнүн идеялары башында күлкүлүү болгону менен, азыр аларга кызыккандар көп.

Ошол себептен:

Кыялданыңыз! Керек болсо, кайсы убакта канча каржы болооруна чейин элестетип көрүңүз. Кыялдануу адам баласына гана таандык касиет. Башкысы көбүрөөк кыялданып, анын орундалышына ишениңиз. Кыялданганды токтоткон күнү — өмүрүңүздүн мааниси да жоголо баштайт.

Адамдарды кубантыңыз! Албетте, сөз менен да кубантса болот. Досторуңуз менен жакындарыңызга, сүйүктүүңүзгө, керек болсо таныбаган адамдарга да жылуу сөз айтыңыз. Ал бумеранг мыйзамына окшош, милдеттүү түрдө кайрылып келет.

Адамдардын жашоосуна кызыгуучулук таанытыңыз. Жогорку даражага көтөрүлгөн адамдар менен аралашып көрүңүз. Балким укмуштуудай идеялар пайда болуп калат.

“Мен киммин?”, “Жашоонун мааниси эмнеде?”, “Башкаларга кандай пайдам бар?” деген суроолорго өзүңүзду алдабай жооп бериңиз. Ушул суроолорго көңүлүңүз толгудай өмүр сүрүңүз.

Кедейлик менен жалкоолук эгиз жүрөт. Жоопкерчилик болбосо, акча да сиздин алдыңыздагы жоопкерчилигинен баш тартат.

Адамдарга жардым бериңиз! Акча үчүн гана эмес, чын жүрөгүңүз менен боорукерлик кылыңыз.

Жашоого таарына берүүнү токтотуңуз! Кечеки күн келбейт. Эртең күн болбой калуусу да мүмкүн. Ушул маалдан баштап ырахаттанып жашаңыз.

Кантип бай болсо болот? Оп-оңой! Эмгектениңиз жана акчаны туура колдоно билиңиз!

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу