Акчадан жуккан оорулар…

Кагаздагы бактериялар ашказан жарасы, пневмония, ичеги-карын ооруларын пайда кылат. Ошондой эле теринин кычышуусуна, аллергияга алып келет. Нью-Йорк шаарынын университетинин биолог окумуштуулары бир долларлык купюрадагы химиялык бактерияларды изилдешкен. Анда бир банкноттон 3000 бактерия табылган. Алардын ичинде кооптуу ооруларга чалдыктыруучулары да бар. Окумуштуулар банкноттун кирдеген деңгээлин анын күнү менен байланыштырышат. Күнү (номиналы) төмөн купюралар колдон-колго өткөндүктөн бактерия көп. Ал эми ири суммадагы колдон-колго сейрек жүгургөн акчалар салыштырмалуу «таза».  Дарыгерлер ар дайым акча  санаган сайын колду жууп, каражатты капчыкта сактоого кеңеш беришет. Себеби, чөнтөктө бактериялар тез көбөйөт.

БУЛАК: АзияNews

Аргумент.kg
Жооп калтыруу