АКУН: “МЕНИН 2 ГАНА ДОСУМ БАР-АТАМБАЕВ ЖАНА ТЕКЕБАЕВ”

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевди элдештирүү ниетин билдирди.

Айтымында, анын эки гана досу бар, бири Атамбаев болсо, бири Текебаев.

“Атамбаев кызматтан кетип жатат, Текебаев болсо түрмөдө отурат. Мен досумду колдошум керек, ошондуктан Сооронбай Жээнбековду колдоого мажбур…ой чечтим”,-деди Акун.

Ошондо эле ал ажо Алмазбек Атамбаевди мактап, кең пейилдүүлүгүн көрсөтүп,  Өмүрбек Текебаевди кечирүүсү керектигин билдирди.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу