Акунович Мискенбаев эмес, кайра-кайра алдана бере турган…

Парламенттин мурунку төрагасы Чыныбай Турсунбеков президенттик шайлоого катыша турган болуп, авторитардык көз карашты токтотуп, демократиялык багытты көздөшүбүз керек деп чырылдаганда, Ниязов баштаган партбосстор аны көп элдин алдында уятка калтыргысы келген. Чыкени аламан байгеге шыкактаган Атамбаев болгону кийин ачыкталбадыбы. Алданып калганын сезген Акунович ошондон кийин алардан жүзүн буруп кеткени ырас.

Азыр аны алдап кеткендер “Өткөндү унуталы, бир бололу” деп кайра саясат айдыңында бирге болууга чакырып, ширин тилге салып жатканы эмнени билдирет? Күчтөн тайып баратканын сезгендердин айласы куруп баратабы? Чыныбай Турсунбеков деле саясатта такшалып, кимдин-ким экенин билип калбадыбы. Бал тилге салып, арбагысы келгендерге “Менин позициямды билесиңер да. Менде артка кадам таштамай жок…” деп маданияттуу жооп узатыптыр. Ал киши Мискенбаев эмес да, кайра-кайра алдана берчү.

Булак: “Жаңы ОРДО”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу