Акуновичти акыры күндөрү ой басып жүрөт

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун шайлоодон кийин тагдыры чечилээри айтылып келет. Анын үстүнө анын президенттик шайлоого катышуу оюнда бар экенин билгенден кийин президент Алмазбек Атамбаев да анчейин жактырбай калганы маалым. Бирок ошондой болгон күндө да Чыныбайды четке тээп чыгарып коюуга болбойт го. Президенттик, парламенттик шайлоолордо СДПКнын шайлоо штабына бир топ эле спонсордук колдоо көрсөтүп келе жатканын унутушпаса. Эң көп акча каражаты дал ушул Чыныбай Акундан чыгып жүргөнүн укканыбыз бар. Учурда анын абалы чынында оор болуп турат. Эгер бир нерсе деп чыкса дароо кылмыш иши козголот, унчукпай отуруп алса дагы болбойт. Кыскасы Акуновичти акыркы күндөрү ой басып жүргөнүн айтышат жардамчылары.

Булак: “Ачык саясат”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу