Актёр Марат Козукеевдин жубайы, Гүлнара Сатарова, актриса: «Театрдын жыты жолдошумдун жытын эстетип турат…»

Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз драма театрынын актрисасы Гүлнара Сатарова чыгармачылыгындагы тыныгуудан кийин кайрадан сахнага чыгып спектаклдерде роль жаратууда. Акыркы эмгеги көрүүчүлөр тарабынан жогору бааланып, сыйлыкка да татыды. Маектешибизди көбү режиссёр, актёр Марат Козукеевдин жубайы катары жакшы таанышат. Учурда актриса жолдошунан калган туягын тарбиялап жаткан кези.

-Гүлнара, актрисалык кесип бала кездеги кыялыңыз болсо керек? 

-Негизи биздин үйдө актёрлор жок. Атам зоотехник болсо, апам үй кожойкеси. Кичине кезимде балерина болгум келчү. Бирок ал тилегиме жеткен жокмун. Апам өзү чыгармачылыкка жакын, убагында актриса болууну кыялданыптыр. Балким ал тилегине жетпей калгангабы, биздин каалообузга чектөө койгон жок. Бала чагыбызда театрга көп алып келчү. Эсимде, биринчи жолу көшөгө ачылганда жүрөгүм «зырп» деген. Сахнадан Шайыр Касымалиеваны көргөндө «ушундай актриса болом» деп тилек кылгам. Кийин орто окууну бүткөндө ушул театрдын алдындагы 4 жылдык студияга окууга тапшырдым. Үйдөгүлөр деле кубанып колдошту. Марат Алышпаев ал кезде театрдын директору болчу. Менин дипломдук ишимди жактырып, бул жакка иштөөгө алып калган.

-Жакында эле жараткан ролуңуз жакшы ийгилик алып келген экен? 

-Чыңгыз Айтматовдун чыгармасындагы каармандын образын жаратсам деген тилек ар бир актёр, актрисада күч болот. Бала менен 3 жыл үйдө болуп сахнадан алыстай түшүпмүн. Спекталдин көркөм жетекчиси Назым Меңдибаиров мага жакшы колдоо көрсөттү. Жыйынтыгында кыялым орундалып «Кылым карытар бир күн» спектаклинде Зарипанын образын жараттым. Ал ролум үчүн «Аялдардын ролун эң мыкты аткарганы үчүн» номинациясын жеңип алдым. Ошол эле учурда Даркүл Күйүкова атындагы сыйлыкка ээ болдум. Спектаклдеги Зарипанын ролу менин жан дүйнөмө жакын болду. Анткени жолдошунан айрылган аялдын образын жаратыш үчүн ал сезимди жүрөгүңдөн өткөрүшүң керек.

-Жолдошуңуз иштеген театрга күндө келип, анын элеси көз алдыңызга тартылганы оордур?

-Азыр да көз жашым кургай элек. Жолдошумдун көзү өткөнүнө эки жыл болсо да ишенбейм. Ушу жерде эле иштеп жүргөндөй, азыр алдыман чыкчудай болгон сезим менен жашап атам.
Башында театрга кайтып келбей эле коёюн деп ойлодум. Бирок алган билимим ушу болсо, колуман башка жумуш келбесе эмне кылам? Бир чети анын элеси көз алдыма тартылып туруусун кааладым, бул имараттын ар бир бурчу аны эстетип турат. Өзүмдү сооротуп аны менен оюмда сүйлөшө берем. Театрдын жыты анын жытын эстетип турат. Күндө эртең менен жумушка келгенде аны менен жолугушчудай болгон алдамчы сезим менен келип атам.

-Марат ага сизге сабак берип жүргөндө таанышып, сезим пайда болду беле?

-Ооба, биринчи курстан баштап мага сабак берди. Дароо эле сезим пайда болгон жок. Бара-бара кантип жакшы көрүп калганымды билбей калдым. Азыр кандай айтсам да маңдайыңа жазган тагдырдан, буйруктан эч кайда качып кутула албайт экенсиң. Агай мага «сени сүйөм» деп бетиме келип айткан эмес. Анын интеллектиси жогору, маданияты бийик болчу. Сөз байлыгы да укмуш эле. Сезимдерин мага кат аркылуу билдирген. Ортобуздагы 18 жаш айырманы, анын үй-бүлөсүн ойлодум, чайналдым. Акыры сезимдериме баш ийип турмуш курдук. Жубайы менен ажырашып, мага үйлөнгөн. Кыздарына барып турчу. Үй-бүлөсүнүн алдында 6 жыл бою өзүмдү күнөөкөр сезип жашадым. Бирок баары бир буйруктан качып кутула албайт экенсиң. Бирге жашаган жылдары да “сиз”, “агай” деп атадым. Мугалимим болгондуктан сизден сенге өткөнгө даай алган эмесмин. Өзү деле ушинтип кайрылганымды жактырчу.

-Театрдын айлыгы менен жалгыз бала багуу кыйын го. Учурда ким каралашып атат?

-Театрдагы кесиптештерим колдон-буттан алып моралдык, материалдык жактан колдоп келет. Эки жылдан бери апам баламды багуу жагын мойнуна алган. Мен жумуштан бошобой атканда дайыма баламдын жанында. Кайнагам дайыма чалып кем-карчыбызды толуктап турат. Жумушуман убактылуу жашап турганга бир бөлмөлүү жатакана беришкен. Балам экөөбүз азыр ошо жерде турабыз.

-Уулуңузга атасы жок экенин түшүндүрө алдыңызбы?

-Ибрагим азыр төрт жарым жашта. Атасы жумуштан келгенде күндө кечки тамакты чогуу иччүбүз. Кечигип атса алып койчумун. Атасы каза болгондон бери балам күндө кечинде тамакка отурганда: «Апа, атама тамак алып койдуңбу?» деп жүрөгүмдү сыздатат. Каза болгондо “атаң экинчи келбейт” деп айткам. Бирок каза болгон кандай болоруна азырынча баламдын акылы жетпей жатат. Буга чейин гастролдор менен узак убакытка кетчү да. Азыр деле ошондой кетти, бир күнү келет деп күтүп жүрөт.

-Чоң апасы, эжелери менен катышып турабы?

-Биз үйлөнгөндө туугандарынын алдына алып барган. Кайын журтум менен жакшы мамиледемин. Чоң апабыз бат-баттан чалып сурап турат, бош убакыт таап көрүшүп келебиз. Эки эжеси Айгерим, Акылай туулган күнүндө, майрамдарда калтырбай келип турушат. Кийин бири-бирин караан тутуп төркүн болот деген үмүтүм чоң. Эже да (биринчи жубайы) балама жакшы мамиле жасайт. Эки жакка чыккан сайын Ибрагимге арнап белек ала келет. Экөөбүз ортодо жаман-жакшы айтышкан жокпуз. Мамилебиз сый, бир театрда, бир сахнада азыркыга чейин иштеп келатабыз.

-Уулуңуздун мүнөзү атасына окшошпу?

-Негизи туугандары чоң атасына окшоштурушат. Мен кайнатамды көргөн жокмун да. Баскан-турганын, мүнөзүн, көздөрүн атасына окшоштурам. Төрөгөнчө уул экенин билген жокпуз. Көз жарганда аябай сүйүнгөн. Балам тогузунчу классты бүтсө өзүм актёрдук студияга тапшыртам, өзүм окутам деген тилеги күч болчу. Эс тарткандан баштап театрларга алып барам, кичинесинен өзгөчө дүйнөгө аралашсын дечү. Азыр атасынын тилегин орундатканга аракет кылып баламды жумушка көп алып келем. Бул жакта атасынын кесиптештери, «Дем» театрынын актёрлоруна аралашып жүрөт. Алар да өз баласындай жылуу мамиле жасашат. Келечекте атасынын жолун жолдоп актёр болом десе колуман келишинче колдойм. Өткөндө кесиптештери агайдын урматына волейбол боюнча турнир өткөрүштү.Ырымдатып балама биринчи топту тептиришти.

-Адам тирүү кезинде каалаганын айтканга жетишпей калса түшкө көп кирет экен. Агайды түшүңүздө көрөсүзбү?

-Ооба, аябай көп кирет. Бир нерсе айтып Ибрагимди мага дайындап аткан болот. Бир жолу «баары жакшы болот» деп колума билерик тагып кеткен. Кечирим сурап аткан болот. Бир жакка «жүрү» деп ээрчиткендей болот. Бирок мен “азыр, баланы карап коёюн” деп калып калам. Каза болордо да түшүмө аян берген. Караңгы түн, суукта кетип калат экен. Кетип калды деп өпкөм көөп ыйлап атып ойгонуп кеткем. Убагында ал түшкө маани берген эмесмин. Ошол түштөн көп өтпөй каза болду. Акыркы жолу «Апамды издеп», «Кокуй кошуна» деген эки тасмага тартылды. «Боромбай» спектаклин коём деп даярданып жүрүп жетишпей калды. Жүрөгү ооручу да, ошондо да мени аяп дарыларын көрсөтчү эмес. Баарыбыз доктурга көрүн десек «бул жумушум бүтө калсын» деп улам кийинкиге жылдырып атып кете берди…

БУЛАК: Леди. кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу