Актёр Амантур Мусаев “кырк жылкылуу” болду

7-август күнү актёр Амантур Мусаевдин үйүндө наристе үнү жаңырып, “ата” статусуна ээ болду. Алгачкы ирет наристе жытын жыттаган актёр мырза кубанычы менен тең бөлүштү: “Ата болуу өзүнчө бир чоң бакыт турбайбы. Сезимдеримди сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Кызыбыз 3 килограмм 115 грамм салмакта төрөлдү. Жубайым Миргүл экөобүз кандай ысым койсок деп ата-энем, туугандарыбыз менен кеңешип жатабыз. Азырынча бир атка токтоло элекпиз”. Актёрдун тун кызынын бешик боосу бек болуп, ден соолугу чың, өмүрлүү болушуна тилектешпиз!

Булак: Супер Инфо 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу