Актриса Малика Абдыразакова: «Конфликттен алысмын сабыр сактаганга аракет кылам.»

Сулуулук дүйнөнү сактайт

Табият берген сулуулук менен билимди катарлаш тарбиялап, кыргыз элине кызмат кылып ак менен караны калыс кароого багыт алган кыздарыбыздын бири Малика Абдыразакова. Фемиданын таразасын так кармоого ант берип, келечектеги мыкты адистердин катарын толуктоо менен бирге актердук чеберчиликтен  билим алып келет.Жаш курагына карабай кино тармагында аты чыгып калган актриса айымдарыбыздын бири Малика эл оозуна Сүйүн Откеевдин «Көпөлөк» тасмасынан кийин таанымал болгон. Актриса мындан тышкары «Беш кыял» тасмасында да роль жараткан.Азыркы учурда билим алуунун артында эмгектенип жаткан кези.

Жаш ченеми? -19 жашта

Жылдыз төлгө? -Бийкеч

Билими?

-Кыргыз-Түрк “МАНАС” университетинин, актердук чеберчилик факультетинин 2 курсунун студенти

 Жердиги?

— Нарын шаарынын Кочкор районунун Чолпон айылы

 Иштеген жериңиз?

— Азыркы учурда билим алып жаткан чагым.

 Жер которууга даярсызбы?

— Албетте даярмын. Бирок кыска убакытка гана. Эгер чет жакка чыга турган болсом кайра эле Кыргызстанга келет болушум керек. Себеби, баары бир өзүңдүн мамлекетиңдей болбойт эмеспи. 2 же 3 жыл аралыгына гана окуу үчүн же иштегенге кыска убакытка жер которууга даярмын.

Жашоонун күтүүсүз белектерине даярсызбы?

— Жашоо өзү күтүусүз белектерди дайыма даярдап турат эмеспи. Андыктан даярмын десем болот.

Кайын журт менен бирге түтүн булатууга кандай карайсыз?

— Негизи ата- энем бизге дайыма кеп- кеңештерди берип турат. Байкеме дагы мага дагы. Байкем жалгыз бала болгондуктан ата- энем биз менен бирге жашашың керек деп айтышат. Ал эми мага көбүнчө атам “эгерде сен кайнене кайнатаңдын батасын алсаң анда сен бактылуу болосуң” дейт да.  Ошондуктан даярмын.

Мыкты аялзаты кандай сапаттарга ээ болушу керек?

— Эми муну айтыш оор. Себеби ар бир аялзаты өзгөчө болуп турат. Менин оюмча: өзүнүн жолдошун сыйлаган, урматтаган, колдогон айым бул мыкты аялзаты болуп саналат. Ал эми сапаттардан айтсак биринчиден адамгерчиликтүү сабырдуу.

 Жан дилиңиз менен дярдаган даам?

— Менин экинчи хоббим десем болот. Кичине зээригип кетсем эле тамак жасай берем. Бул тамакты жакшы жасайм бул тамакты жаман деп айтпайт элем. Негизи ата-энем бир туугандарым эмнени каалашса ошол тамакты жасайм.  Азырынча мен жасай албаган тамак жок.

 Чыныгы мырза сиздин көз караш менен?

— Менде идеал деген жок. Беш кол тең эмес да ар кандай болот.  Ал эми менин мырзаларда баалаган сапаттарым:  эмгекчилдик, адамгерчиликтүү жана сылык болуш керек деп эсептейм .  Келбети мындай болуш керек андай болуш керек деген стереотиптерим жок.

Алтынга тете мүнөзүңүз?

— Мен өзүм жөнүндө өзүм айтып баа бере албайм. Бирок ошол эле эжей- агайлар, мугалимдер, мени менен иштешкен адамдар, жакын адамдарымдын айтуусуна караганда мен абдан сабырдуу экенмин. Конфликтен алысмын сабыр сактаганга аракет кылам.

 Сөзгө бексизби?

— Сөзгө, убадага бекмин. Баардыгына жоопкерчиликтүү мамиле кылганга аракет кылам.

Өзүңүз жөнүндө кызыктуу фактылар?

— Бийиктиктен корком. Таттууга абдан жакшы көрөм ошондуктан таттууга жакынмын. Мектепте аябай начар окуучумун, анткени кызыгуум таккыр жок болчу.Тарых, кыргыз тили, орус тили жан аадабиятка кызыкчумун. Бирок так илимдерге кызыкпайт элем. Ал эми университетке келгенде кызыгуум пайда болуп жакшы окуп атам.  Жакшы окугуным үчүн стипендия да алам. Менин өзүмө да таң калыштуу болду.

Менин 8 айыман баштап 2 классыма чейин чачымды таккыр кыркышпаптыр апамдар. Ошондо менин чачымдын узундугу тиземен ашыптыр.

11 жашыман баштап күнүмдүк күндөлүк колдоном.  Ал күндөлүктө менин бир күндук жашоом чагылдырылат десем болот. Ошол эле менин кыялдарым, максаттарым, иш- тартибимдин баардыгы жазылуу. Ушул күнгө чейин менин 5 күндөлүгүм бар.

 Хоббиңиз?

-Бийлегенди жакшы кором. Өзгөчө латын америка бийине кызыгам.

Өзүңүздүн алтын эрежеңиз?

— “Өзүң менен өзүң иште ошондо  өнүгүп өсүү”-деген алтын эрежем бар.

Сизди издеген адам кайдан таба алат- Мени фейсбуктан жана инстаграммдан malika.abdyrazakova деп тапса болот

 

Булак: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу