Активисттер балдардын укуктарын коргоо боюнча акцияга чыгышты

Бишкекте бүгүн, 28-декабрда балдардын укуктарын коргоо боюнча уюштурулган акцияга он чакты активист катышууда. Жогорку Кеңештин алдына чыккандар «балдарга жыныстык зордук көрсөткөндөрдүн жазасын күчөтүү жана өлүм жазасына мораторийди алып салуу керек” деген талаптарды коюшту.

Жакында укук коргоочулар наристелерди зордуктагандардын аракетин талдап, мындай кылмышка көп учурда бала менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрү, туугандары бара турганын иликтеп чыккан.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Кыргызстанда былтыр балдарга карата 824 кылмыш жасалса, анын 106сы жыныстык мүнөздө болгон. Балдарды зордуктоо фактысы боюнча 44 кылмыш иши козголгон.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу