Активисттер Атамбаевден бир кезде уурдап алган 50 миллион рублди жазуучуларга кайтарып берүүсүн талап кылып баштады

Белгилүү жарандык активист Назира Бегим, интернеттеги социалдык баракчасына мындай кайрылуу жасап, ал кызуу колдоого алынып жатат.

«Алмаз Шаршенович, жазуучулардын ырыскысын кайтарып бериңиз!

Алмазбек Атамбаев, бир убакта Жазуучулар союзунан алып койгон 50 миллион рублди, «кой, акын жазуучулардын арбагы ыраазы болсун, тирүүлөрү адабиятка салым кошсун»-деп кайтарып берип койсо жакшы иш кылмак. 50 миллион рубль, азыр 735 000 доллар экен. Алмаз Шаршенович, азыр долларовый мультимиллионер. 1 миллионго жетпеген эле акча. Ошол акчага 5-6 кабаттуу, 2 подьездүү үй салынат. Жаш акын жазуучулар батирлүү болуп калмак. Урматтуу коомчулук, Алмазбек Шаршеновичтен суранбайлыбы, жазуучулардын акчасын кайтарып берсин! Быйыл, Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленип жатат. Улуу жазуучубуздун арбагы дагы ыраазы болоор эле!»,-дейт Назира Бегим.

Жарандык активисттин сунушуна төмөндөгү интернет колдонуучулар ой пикирин кошууда:

Бердибек Жамгырчиев, акын:

— Суранбай эле камап туруп, жонунан кайыш тилип миллиондогон акчаларды төктүртүш керек бул эки жүздүүдөн.

Бактыгүл Курманалиева:

— Сүйлөшүү жарашса балким, улууларды сыйлап жазуучулар үйү үчүн бир мекемесин берээр. Ак чачса жылаан дагы үйүнөн чыгат дешет эмеспи…

Шайырбек Таиров, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү:

— 20 жылда пайызы менен көп эле акча болуп калат экен, пайызы менен кайтартыш керек.

Кудайберди Шаматов:

— Ошол акчаны Атамбаев кайтарып берсе О дүйнөгө эмнени ала кетет? Койгула доолабай, койгулачы ала кетсин, мүмкүн аякта да керек болуп калаар…

Чынара Камчыбекова:

— Жакшысы, Атамбаевге жамаат болуп кат жазыш керек, жакшылыкча. Бербесе УКМКга арыз жазгыла. Баарыңарга офис ачып берсин. Конференция ар кандай кечелерди өткөрүүгө зал. Арендага берип андан түшкөн акчаны жазуучулар дагы иштерин улантсын. Таза учёт жүргүзүп.

Дилдара Буларкиева, акын:

— Атамбаев президент болуп турган кезде эле жазуучулардын китептери чыгып турсун деп алган акчаны кайтар деп кайрылганбыз! Укпай койгон! Эми укпайт сотко бериш керек!
Президент болуп турганда жазуучуларга көңүл бөлгөн жок! Ал турсун бир жылда бир жолу Боло турган жазуучулардын күнүн жакшы өткөрүп бере алган эмес. Жазуучулар кудайым Берген таланты менен күн өткөрүп жүрүшөт. Жазуучулардын үйү көп жылдардан бери талаптагыдай ремонттолбой турат. Эмеректерибиз болсо тээ илгерки замандагы… Анан кантип акын- жазуучулар эргип сезимибиз көкөлөп жакшы чыгарма жазабыз!…

Муратбек Рысбеков, акын:
— Алмазбек Шаршенович марттык жасап тартынбастан кыргыз жазуучуларына үй курдуруп берип коюшу мүмкүн?!.. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк тарыхында кийинки президенттике талапкерлигин койбогондугу эрдик эмей эмне ?!.. Алмазбек Атамбаев дагы деле табында !.. Элине кызмат көрсөтүүдөн эч баш тартпайт деп эсептейбиз. «Неординарный личность» катары тарыхта өз атын калтырып койду. Дагы деле экс-президент Алмазбек Шаршенович Атамбаевге элдин ишеничи зор!

Булак: Чындык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу