ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей, Жалал-Абад облусунун Аксы районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Маалым болгондой, нөшөрлөгөн жаандан улам Падыша-Ата, Итагар, Авлетим дарыяларынын деңгээли көтөрүлүп, жергиликтүү тургундарга кооптуу абал жаралган.
Учурда Авлетим, Кашка-Суу, Кызыл-Туу айыл аймактарында селден тазалоо жумуштары жүрүүдө.
Жалпысынан 10 турак-жай жана 2 чакырымдан ашык ички чарбалык жолдор жабыркады.
Жээктерди бекемдөө иштерин өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов өзү көзөмөлдөп жатат.
Булак:Каганат