Аксы районундагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагында кайрадан териси сыйрылган эшек табылды. Белгисиз адамдар эшектин терисин алып, өзүн таштанды ыргытылган талаага таштап кетишкен.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, айылда буга чейин да эшектердин терисин сыйрып кеткен учурлар болуп, акыркы учурда токтоп калган эле.
Булак: gezit.kg