Аксыдагы көчөлөрдүн бирине ырчы Гүлбү Орозкул кызынын ысымы ыйгарылды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим айыл өкмөтүндөгү борбордук көчөлөрдүн бирине белгилүү эстрада ырчысы Гүлбү Орозкул кызынын ысымы ыйгарылды деп жазып чыкты Турмуш басылмасы.

Маалыматка караганда, Гүлбү Орозкул кызы атындагы көчөгө түнкү жарык онотулуп, жолго шагыл төгүлүп тегизделди.

«Учурда көчөгө ырчынын аты жазылган тактайчаларды илүү иштери улантылып жатат», — деп билдиришти айыл өкмөттөн.

Гүлбү Орозкул кызы Аксынын Авлетим айылында төрөлгөн. Ал 2017-жылдын 6-октябрында 40 жашында дүйнө салган.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу