Акмөөр: “КАТАР-КАТАР КЫЗ ТӨРӨГӨНҮМ ҮЧҮН КҮЙӨӨМ ТАШТАП КЕТТИ”

Кыз береби, уул береби же такыр бербей коёбу, аны Кудай өзү билет. Эгер кыз же эркек бала төрөө аялзатынын колунда болгондо күйөөсүнүн каалаган баласын төрөп берип кулагы тынч жашабайт беле? Бүгүнкү каарманым Акмөөрдү катар-катар 4 кыз төрөгөндүгү үчүн күйөөсү таштап кеткен. Анда сөз башынан болсун.

“Экинчи кызымды төрөгөндө күйөөмдүн жемесине калдым”

– Мен Баткен облусунун Сүлүктү шаарынан болом. Мектепти бүткөн соң өзүм сүйлөшүп жүргөн мени менен тең Азамат деген жигитке турмушка чыккам. Учурда экөөбүз тең 31 жаштабыз. Лейлек районунун Булак-Башы айылында күйөөмдүн үйүндө жашап жүрдүк. Башында баары эле жакшы болуп жаткандай сезилген. Азамат мектепте музыка мугалими эле. Турмуш курганыбызга жыл айланбай Айгерим аттуу кыздуу болдук. Андан кийин эки жылга жетпей экинчи кызым Аруужан төрөлдү. Анан эле жолдошумдун сен жалаң кыз төрөйсүң деген жемесине калдым. Акыркы кезде ичип келип кол да көтөрө баштады. Анан уул төрөсөм кутуламбы деп үчүнчүсүн төрөсөм, ал да кыз болуп калды. Атын Айжан койдук. Айылда айлык менен жашоо кыйын болгондуктан, күйөөм шаарда жакшыраак таап, жумушка алаксып ичпей калар деп 2013-жылы шаарга көчүп келдик. Шаарга келсек эле жашообуз оңолчудай сезилчү эле, бул жакта да жашоо оор экен. 3 бала менен батирден-батирге көчүп эптеп тиричилик кылып жүрдүк. Жолдошумдан коркуп төрөгөндөн да заарканып калгам, бирок Кудай берип 4-балам боюма бүтүп калды. Кудайдан эркек болсо экен деп суранып жүрдүм, тилекке каршы, дагы кыз төрөдүм. Чынын айтсам, төрөгөндөн көңүлүм деле калып калды. Бул кызым Акмаржан ширин, атасына да жакын. Мен энемин да, мага төрт кызым тең асмандагы айдай сезилет. Атасы эле жээрип кыздарын жактырбай койду. Мени да акыркы кезде көргүсү келбей калды. Акыры күчүн арактан чыгарып, ичкиликке берилип кетти.

“Уул төрөсөм да атасы чанып койду”

– Шаарга келгенден кийин чач кыркуу курсуна окуп, салондо чач кыскартып иштеп балдарына нан таап келчү. А менин бешинчи жолу боюмда болуп калды. Кудай берген баланы алдырбай, кыйналсам да төрөп алууну чечтим. Курсагым чоңоюп УЗИден кыз же бала экени билингенче жолдошумдун тынчы кетип жүрдү. Ошентип 5 ай болуп калганда УЗИге барсак курсагымдагы түйүлдүктүн кыз экенин айтышты. Аны угары менен жолдошум: “Сен жалаң кыз төрөйсүң, 5 кыздын мага эмне кереги бар?” — деп бизди таштап батирден чыгып кетти. Мен иштебейм, 4 кыз жана ичимдеги бала менен кыйналып көрбөгөн азабым калбады. Балага эне эле күйөт экен, апамды айылдан чакыртып алып, апамдын пенсиясы менен жашап жүрдүк. Анан эле кыз эмес, уул төрөдүм. Көрсө, УЗИ деле жаңылат турбайбы. Уул төрөгөндө сүйүнүп жолдошум кайтып келеби десем: “Бала менден эмес”, -деп жанымды чыгарбадыбы. Биз апам экөөбүз кеңешип сагындырып келди деп, уулумдун атын Сагынбек койдук. Учурда бир жаш бир ай болуп көзгө көрүнүп калды.

“Апамдын төрт миң сом пенсиясы менен жашап жатабыз”

– Учурда Дордой базары жакта Ак-Жар жаңы конушунда батирде 3000 сом төлөп турабыз. Апамдын пенсиясы 4000 сом, анын 3 миңин батирге берип, миң сомуна эптеп жашачу элек. Азыр кайрымдуу элдерден жардам келип, бир аз санаам тынчып калды. Эки кызым Ак-Бата жаңы конушунда мектепте окуп жатышат. Быйыл чоңу 3-класс, кичүүсү 1-класска барды. Кыздарым жакшы окуйт, ырдаганга кызыгат. Айгерим чоңойсом атамдай болуп мугалим болом деп калат. Ушулардын келечеги үчүн жан үрөп жашап келем. Атасынан эч пайда чыкпагандыктан сотко берип ажырашып, алимент кестирип алгам. Анысын да кыйратып төлөбөйт. 3 айда бир 1000 сом, 2000 сом кылып бөлүп көтөрүп келет. Өткөндө мас болуп келген экен, кыздарым коркуп үйгө качып киришти. Атасынан балдар да коркуп калышыптыр. Тимеле жан алгычты көргөндөй көздөрү алайып калышат. Ушул балдардан да аракты жакшы көрдү окшойт. Мейли эми, ал өзүнүн тандоосу да. Мен болсо иштейин десем балам көп ооруйт. Кээде талмасы кармап калат. Ошондуктан бирөөгө таштап иштегенден корком. Боюмда болгондо көп нерв болуп, кыйналып жүргөнүм ичимдеги балага зыяны тийиптир. Ошонун айынан көп ооруп алсыз болду, бир жаштан ашса да баса элек. Ошондуктан азырынча иштебей эле баланы карап үйдө отурууга туура келип жатат. Болбосо тигүү цехинде иштеп балдарымды бакканга кудуретим жетет. Апам деле иштегенге мүмкүнчүлүгү жок, картайды. Бирок үйдө балдарымды каралашып пенсиясы менен бизди багып жатат. Кыш келсе кандай кылабыз, бул батирде тоңуп өлбөйбүзбү деп коркуп жаттым эле, бирөөлөр бир жарым тонна көмүр түшүрүп берип кетти. Эми балдарыма пособие алсам деймин. Ал үчүн каякка барыш керек, кимге кайрылыш керек билбеймин. Бирок балдарымдын бешөөнүн тең документтери бар.

Акмөөргө жардам берүүнү каалагандар 0777 29 75 58 номуруна байланышсаңыздар болот.

Булак: lady.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу