Акматбек Келдибеков: “Президент Сооронбай Жээнбековдун Кайрылуусун колдоймун”

Ушул апта ичинде КР президенти Сооронбай Жээнбековдун Кайрылуусу боюнча түрдүү кептер айтылып жатканынан экс-депутат, Жогорку Кеңештин V чакырлышынын төрагасы Акматбек Келдибековго кайрылып, айрым суроолорго жооп алдык .

-Ахматбек Келдибекович, Президент Сооронбай Жээнбековдун Жогорку Кеңештен жасаган Кайрылуусу социалдык тармактарда түрдүү пикирлерге жем таштады. Саясатчы катары сиздин пикириңиз кандай экенин билели дедик эле…

-Биринчиден, Конституцияга ылайык мамлекет башчы баардык мамлекеттегидей эле бир жылда бир жолу жалпы элге кайрылуу жасашы керек. Бирок биз, 6 жыл андай Кайрылуу уккан жокпуз. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев башкарган жылдары бир да Кайрылуу жасаган жок. Бул жаатта Атамбаев чоң катачылыкка жол берди. Себеби, эл мамлекет башчыны шайлагандан кийин элдин ишенимине ээ болгон адам жок дегенде бир жылда бир жолу элге кайрылып, «кайсыл жол менен барабыз, кандай кылабыз», деп экономикалык саясаттан баштап, ички-тышкы саясатка чейин айтып, элге багыт берип, жол көрсөтүшү керек эле. Тилекке каршы, мурдагы президент андай нерселерден алыс болду. Президент Сооронбай Жээнбеков өз учурунда элге Кайрылуу жасады. Эл күткөн маселелерди козгоду. Ошон үчүн элдин негизги массасы президенттин Кайрылуусуна ынанып, ага туура баа берип жатат. Кайрылууда өлкө башчысы ички жана тышкы саясатка, кадр саясатына, шайлоо кандай болуш керек баарына токтолуп, мамлекеттик структура кандай иштеши керек экендигин ачык-айкын айтты. Кудай буюрса,  президенттин келээрки жылкы Кайрылуусу мындан дагы натыйжалуу болот. Бир иш кылбай эртеден-кечке саясатты талкуулаган соцтармактарда айрым адамдар ар кандай пикирлерин жазып жатышат, аларга «жумурткадан кыр чыгарып жазгыла» десе, жаза берет ага көңүл бурбаш керек.

-Президент Сооронбай Шариповичдин жүргүзүп жаткан саясаты туура элеби?  Айрым аткаминерлер чекесинен камакка алынып жатат го?

-Мен адам катары жана саясатчы катары айтышым керек. Көч башынан түптөлүп, балык башынан сасырын. Камакка алынгандардын баардыгы бир адамдын тапшырмасын аткарып келген. Аны сөзсүз түрдө эске алсак болот. Ошол мезгилдеги өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасын аткарбаса, алар кызматтан кетмек. Өкүнүчтүүсү, Атамбаев “коррупция менен күрөшүп жатам”, деп саясатчылардын артынан куугунтук кылып, элдин көзүн боёптур. Тилекке каршы, коррупция менен катуу күрөшкөн Атамбаевдин жана анын командасынын мамлекеттик деңгээлде коррупциялык долбоорлорунун “быкы-чыкысы” чыгып, кимиси кандай иш менен алек болгонунун баары калың элдин катмарына жетип жатпайбы? Бирок бир нерсени эске ала кетиш керек, коррупциялык долбоорлордун башында Атамбаев турганы үчүн анын кол алдында иштегендер ага каяша кыла алган эмес. Ошон үчүн “кол кой” деген кагазынын баарына кол койгон аны депутаттар колдоп беришкен.

Мисалы, “кол кой” дегенде айрымдары “бул туура эмес, кол койбойм” деп айта албагандары кол коюп жиберген. Алсак, ошондогу Каржы министри Ольга Лаврова тууралуу терс пикир айткым келбейт. Бир маегинде “бизге ушундай документтерди алып келген, биз кол койдук”, дептир. Бирок, кандай болгон күндө да бул акча кайда жумшалат, кайда колдонсо эффект берээрин айтуу Каржы министринин түздөн-түз милдети болчу.

Эптеп эле Каржы министри болуп олтуруш үчүн буйрукту башын ийкеп аткарып, жогору жактын  айтканын жасады да. Учурунда жоопкерчиликти сезиши керек эле. Булардын көпчүлүгүнүн күнөөсү ошол мезгилде «туура эмес», деп айта албаганы жоопкерчиликти сезбегенинде болду. Бул жерде — адамдын тагдыры чечилип жаткандыктан, ошол акчадан айрым камалгандар чындап эле уурдадыбы же жокпу Атамбаевдин буйругун аткарып камалгандарды тийиштүү органдар так иликтеп чыкса.

Кайрылууда мамлекет башчы Сооронбай Шарипович, соттун чечими жок бирөөнү “жеп коюптур, уурдап алыптыр” деп, Атамбаевге окшоп камалгандардын бирин дагы күнөөлгөн жок. Болгону президент “жеген болсо жооп берсин, алган болсо кайра мамлекеттин казынасына төксүн” деди.

Тилекке каршы, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев соттун чечими жок эле, элдин баарын “бул ууру, бул мындай” деп жар салчу. Чынында анын антип айтканы кылмышка тете иш болчу. Мамлекет башчынын андай сөзүнөн кийин аты айтылган саясатчынын башынан кара булут айланып калчу. Башкача айтканда камалчу. Анын ар бир сөзү бул адамды камайсың деген белги болуп эсептелинчү. Ошонун айынан канчалаган саясатчылар саясий буйруктун негизинде камакка алынды. Ошондуктан, акыйкаттуу сот, акыйкаттуу иликтөө болсо 100% болбосо дагы 90% Атамбаевдин бийлиги учурундагы козголгон кылмыш иштердин баардыгы кайра каралып, чыныгы чечим чыгышы керек.

-Коррупция менен кантип күрөшүү керек?

-Коррупция менен ар дайым күрөшүү керек. Коррупция менен күрөшүү бир гана камоо эмес. Аны менен күрөшүш үчүн коррупцияны жоюуга аракет жасаш керек. Башкача айтканда, мамлекеттик кызматкерлер материалдык жактан толугу менен камсыз болсо гана кызматка болгон кызыгуу жана жоопкерчилик пайда болуп, өзүнүн жоопкерчилигин сезе билет. Андыктан мамлекеттик кызматкерге талапты каттуу коюп, алардын иштеп тапкан айлыгы бала-чакасына, зарыл деген нерселерине жетиштүү болушу зарыл. Чет өлкөдө министрлер велосипед менен жумушка келип, коомчулук менен чогуу жүрүшөт деп.  Биринчиден, чет өлкөдө алардын алган айлыгы өтө жогору талабы да ошондой.

Анткени, алар сынак менен кызматка алынып, канчалаган адамдардын арасынан мыктысын гана тандап алышат. Эгерде анын айлыгы, бала-чакасына, турмушуна, баарына жетип жатса, кааласа велосипед менен кааласа, машина менен жүрсүн. Бизде ошондой болуш үчүн министрлердин жүргөнү коопсуз болуп, велосипед, автобус менен жүргөнгө шарт түзүлүшү керек. Биринчи андай шартты элге түзүп берсек. Бүгүн ошол унааны эконом кылабыз деп, минус жактары да болуп калышы мүмкүн. Министр деген машина минип, эртең менен ишке барып, кечинде кызматтан келүү эмес, министр ошол машине менен аймактарды түнү-күнү кыдырып, айыл чарба министри чарбаларды, жол министри жолдорду кыдырып көзөмөлдөө. Аткаминерде мамлекеттик кызыкчылык жогору болсо, ошондо гана мамлекет өнүгөт.

-Демек, президенттин Кайрылуусунда дем-күч бар десек болчудайбы?…

—Ооба, кечээги президенттин кайрылуусунда мамлекеттик кызматкерлерге болгон талапты айтканы туура.

-Экономикалык көрсөткүч боюнча токтоло кетсеңиз?

—Айта кетчү нерсе аймактарды өнүктүрбөй — мамлекет өнүкпөйт. Бизнестин иштин баардыгы Бишкек же Ош шаарында. Эмне себептен? Себеби иштин баардыгы ушул жерде. Биз азыр банктардын баардыгын Бишкекте эле ачпай аймактарга ачып, завод-фабрикаларды куруп, акимди же губернаторду жоюп, бирөөн калтырып анын бюджетин беришибиз керек. Бизде бүгүнкү күндө пайда таба турган баардык ишканаларды жеке менчикке берип салганбыз. Бензин сатуу – миллиондогон акча түшөт, биз аны жеке менчикке берип койгонбуз. Ошол эле интернет менен телефондун түшкөн киреше жеке менчикке кетет. Самолётту да жеке менчикке берип койдук, эгерде мамлекет өзүнө самолет сатып алса бул өтө чоң пайда.

Кыргызстанда көмүр жетишерлик, бирок күчтүү заманбап көмүр казган компаниялар жок. Бирок, биз 100 млн, 200 млн АКШ долларына башка мамлекеттен көмүр сатып алып алардын өндүрүшүн көтөрүп, казынасына пайда келтирип жатабыз. Кымбат болсо дагы Кыргызстандагы көмүр казгандардан көмүр сатып алсак, ошо көмүр казгандар биринчиден бутуна турат, экинчиден салык төлөп, Кыргызстандын көмүрү биздин өзүбүзгө пайда алып келе баштайт. Жыйынтыгында көмүр казгандар канчалык киреше тапкан сайын бутуна туруп чет өлкөгө көмүрдү экспорт кыла баштайт.

Ошол эле учурда коррупция менен дагы күрөшүш керек, бирок экономиканы дагы көтөрүү абзел. Экономика көтөрүлбөсө, адамдардын социалдык жактан  муктаждыктары жоюлбаса, жашоо кыйындап кете берет. Мына ушунун баардыгын президент Сооронбай Шарипович Кайрылуусунда камтып кетти. Эми ушун так ушул президенттин айткандарын аткаруу, Өкмөттүн, губернатордун акимдин түздөн-түз милдети болуп эсептелет.

-Рахмат.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу