Акман: Чогулган эл Текебаевди жана Чотоновду абактан чыгаруу талабын коюшууда

Базар-Коргон районунун Акман айылында нааразычылык акциясы өтүүдө. Чогулган эл Өмүрбек Текебаевди жана Дүйшөнкул Чотоновду чыгарууну талап кылышууда. Бул тууралуу митингдин катышуучусу Бакыт Асан уулу билдирди.

Анын айтымында, акциянын катышуучуларынын жол тосуп ниети жок. Митингге Ош, Жалал Абад, Кочкор-Ата шаарларынын, Өзгөн, Кара-Суу

Базар-Коргондо депутаттардын катышуусунда Текебаевди колдогон митинг болот

районунун тургундары келишкен. Чогулган эл менен жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев, Алмамбет Шыкмаматов жолукту.

Митингедин катышуучусу нааразычылык акциясына катышып жаткандардын саны миңден ашуун коомдук тартипти көзөмөлгө алып турган милиция кызматкерлеринин саны 500гө жакын экенин айтса, Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов митингге чыккандардын саны 200гө жетпей турганын жана коомдук тартипти көзөмөлгө алып 100гө жакын милиция кызматкери турганын билдирет.

Булак: Каганат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу