“Акмакка салып бербейбиз, аз калды бир аз чыдагын!” — Мекенчил агам Садыр Жапаровго

Турмуштун оор сынагын,
Тургузбай турат тузагын,
Акыйкат акыр билинет,
Айкөлүм агам чыдагын!

Пайгамбар көргөн тагдырлар,
Башыңа салды каапырлар…
Элим деп чыккан сендейге,
Аллахым өзү болушаар.

Тажиктен, өзбек, казактан,
Кыргызды кайрып чогулткан,
Эл уулу кыраан жан агам,
Эрдигин алган Манастан!

Ууланып куурап калаарда,
Сактаган журтун маалында,
Балыкчы шаарын курутмак,
Ачпаса Садыр ачыкка…

Сактайм деп жерин алдырбай,
Какшады күн түн жалдырай,
Сатылды кайран Каркыра,
Жетишпей уулдар Садырдай!

Тамтыгы кетип Кумтөрдүн,
Өңү өчтү жайлоо гүлдөрдүн.
Казам деп арам иштерди,
Жумшадын эркиң күчтөрүн.

Кыргызга келген Шумкарым,
Талбаган агам Тулпарым,
Тушалып кишен бутуңдан,
Буулугуп турган убагын…

Чыккынчы арам бузуктар,
Коркушат сенден тууруктар,
Чечилсе чидер бутуңдан,
Жегичтер далай кусушаар!

Билбедик агам кадырың,
Бирикпей кыргыз айылын,
Камалды Садыр дегенде,
Өрттөнуп кетти сабырым…

Акыйкат жолу ачылаар,
Акыры чындык айтылаар,
Абыке Көбөш тукуму,
Аллахтан жаза алышаар!

Болоттой агам сынбагын,
Эл үчүн кайрат жыйнагын,
Акмакка салып бербейбиз,
Аз калды бир аз чыдагын!

Нурбек САЯК Август, 2017
Булак: “Майдан.kg”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу