Акбалык Жумалиева: “Тандалма саясий куугунтук болуп жатат”,-деген Атамбаевдин сөзүнө аргаӊ жок күлкүӊ келет.

Экс-президент Атамбаев Алмаз мырза, бүгүн кыргыз элинин байлыгын тоноп, ТЭЦ, Музей ж.б кызарган жердин барын уурдап мойсоп камалышкан коррупционер Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Осмонбек Артыкбаев боюнча кайрылуу кылыптыр.

Ал, “КРнын мурдакы Премьер-министри, СДПКнын Төрагасынын орун басары Сапар Исаковду жана Мамлекеттик Бажы кызматынын мурдакы Төрагасы, биздин партиянын Саясий кеңешинин мүчөсү Кубанычбек Кулматовду камакка алуу туурасындагы кечээки чечим – бул коррупция менен күрөшүү эмес. Коррупция менен күрөштө айырмаланган так ушул адамдардын коррупцияга күнөөлөнүп камакка алынышы кадыресе акыл–эске сыйбайт”,-деп күйүтүн айткан.

Албетте, президент Сооронбай Жээнбеков кыска аралыкта бир канча жеп-ичкичтерди мурдагы партиялаштары экенине карабай камап салганы Атамбаевдин акылына сыйбайт. Ал, “Соке досум менин айтканымдан чыкпайт”,-деген арам ой менен жүргөн. Сооронбай Шарипович, анын айтканын укпай, жалпы элдин кызыкчылыгын тандап, ууру-кескилерди жок кылып, тазалай баштады.

Дагы бир кызыгы мындай жери бар:

“Апрель ыңкылабынан кийин Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясы өлкөдө стабилдүүлүктү орнотууга жана Кыргызстандын туруктуу өнүгүү жолуна түшүүсүнө ири салымын кошту. Биз тынчылыкты жана элибиздин биримдигин ар тараптуу коргоого милдеттүүбүз. Мунун кепилдиги — адилет бийлик. Бул дайыма эсибизде болууга тийиш!”,-дейт экс-ажо.

 

Алмазбек Атамбаев 7-апрель ынкылабынын талаптарын аткарды беле? Чыныгы адилетсиз бийликти орнотуп, саясий куугунтук күчөп, сөз эркиндигине болгон эбегейсиз кысымды кайда жашырат? Же, көсөнүн акылы түштөн кийин дегендей, Атамбаев дагы акылына эми келдиби? “тандалма саясий куугунтук болуп жатат”,-деп күӊкүлдөптүр.

Таптаза күрөш жүрүп жатат, буюрса коррупция менен күрөштүн учу сизге келип такалат. Ошондо 6 жыл сиздин адилетсиз башкарууӊузда эзүүдө калган эл, кубануу менен күбө болобуз. Ал күн өтө жакын калды. Уурунун орду – түрмө! Бул жашоонун дагы, Жараткандын дагы мыйзамы. Колу менен кылгандар – мойну менен тарта турган мезгилге мына эми жеттик. Президентибиз Сооронбай Жээнбеков чыныгы элдик президент экенин кыска аралыкта эле көрсөтө алды! Биз – ПРЕЗИДЕНТ мененбиз!

Акбалык ЖУМАЛИЕВА

Аргумент.kg
Жооп калтыруу