Акбалык Жумалиева, Ош шаарынын тургуну: «Оштун мэрин шайлоодо талапкерлердин атаандаштыгы болушу керек»

Мындай пикирин, белгилүү активист, Ош шаарынын тургуну Акбалык Жумалиева интернеттеги баракчасына жазып чыкты. «18-июлда Ош шаарынын мэрин шайлоо болот. Көпчүлүк коалиция мурда базарком, кийин Алайда аким, анан Оштун губернатору болуп иштеген Таалай Сарыбашевдин талапкерлигин алып чыкты. Башка фракциялар азыр талапкер алып чыгыша элек. Мындай атаандаштык жок шайлоо — «хоп майли» деп кол куушуруп берген кул мүнөздүктүн белгиси. Ош шаардык кеңештин депуттары эмес эле, «Ош шаардык кеңешинин пахтакорлору» деп атап койсо жарашат. «Кыргызстан» фракциясынан бир жаш депутат мэрликке талапкерлигин коеюн деп жаткан экен, фракция депутаттары ар шылтоо айтып сунуштабай качып жүрүшөт экен. Таалай Сарыбашевди жаман деп айтуудан алысмын, бирок ал мурда жетекчи болуп иштеген убагында кандай аракети менен эсибизде калды? Кандай жакшы жумуш жасады, мен билбейт экем. Айтор, атаандашы жок «шайланып» алган Таалай Сарыбашев, биз кутула албай жүргөн Айтмамат Кадырбаевчелик да боло албай калышы толук мүмкүн. Эгер, шаар мэрлигине бир дагы атаандаш талапкер чыкпаса, анда бул уят жана кооптоно турган маселе…»,-дейт ал.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу