Акбалык Жумалиева: «Идрис Кадыркулов дайындалса, УКМК чыныгы чекистин колуна өтөт»

Блогер Акбалык Жумалиева УКМК төрагалыгына сунушталып жаткан Идрис Кадыркулов тууралуу Фейсбуктагы баракчасына пикир калтырып, ал интернет колдонуучулар тарабынан колдоого алынып, талкууланып жатат:

«Идрис Кадыркулов УКМК төрагасына сунушталып жатат экен. Анын талапкерлиги жөнүндө мурда талкууланып, чекист, жумушуна так инсан катары сүрөттөгөн позитивдүү маалымат көп коштоп жатат. Жакында УКМК тарабынан колго түшүп, камакка алынган коррупционерлердин көбү Идрис Кадыркуловдун тарабынан жасалган жумуштар экени айтылууда. Улуттук коопсуздук кызматына улуттун коопсуздугуна күйгөн ушундай адам келсе президенттин мындай команда менен жумушу алдыга жылмак!»,-дейт Жумалиева.

Идрис Кадыркулов, буга чейин УКМКнын Ош облустук башкармалыгында жетекчи болуп иштеген.

Идрис Кадыркулов 1971-жылы 4-январда Чүй облусундагы Сокулук районунун Кашка-Суу айылында туулган

Билими:

1996 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин «экономика жана башкаруу уюму» адистигин аяктаган;

2015 — КР президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясын да магистратурада окуган.

Эмгек жолу:

1994-1998 — КР Ички иштер министрлигинин атайын кызматынын кызматкери;

1998-2002 — УКМКнын аймактык бөлүмүнүн оперативдүү кызматкери;

2002-2015 — УКМКнын оперативдүү бөлүмдөрүн жетектеп (Бишкек шаары, Чүй, Баткен облустары), УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын жетекчисинин орун басары болгон;

2016, январь — Баңгизаттарды жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;

2016, август — УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгын жетекчиси;

2018 — УКМКнын төрагасынын орун басары рангындагы Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын директору.

Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу