Акаев: өкмөт гранттык акчаларды максаттуу пайдаланышы керек

КСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаев оорукана менен мектептер карызга алынган акчага салынып жатканына токтолду.

Өкмөт гранттык акчаларды максаттуу пайдаланышы керек. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаев парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Эл өкүлү оорукана менен мектептер карызга алынган акчага салынып жатканына токтолду.

«Тилекке каршы жол, суу, оорукана жана мектептерибиз үчүн карыз алып жатабыз. Өкмөт мындай гранттык каражаттарды максаттуу пайдаланышы керек», — деди Акаев.

Эл өкүлү гранттык негизде алынган акчага Бишкек шаарында мектеп салынышы керектигин айтып, антпесе бир эле класста кыркка чукул бала окууга аргасыз болуп жатканын кошумчалады.

Булак: Спутник 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу