Акаев: Эгизбаев көтөргөн коррупциялык иштерге көңүл бурулган жок

Журналист Уланбек Эгизбаев көзү тирүү кезинде көрсөтүп, иликтеп кеткен коррупциялык иштер аягына чыкпай жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүн, 13-сентябрдагы жалпы жыйынында депутат Жанар Акаев айтып чыкты. Эл өкүлү күч органдары, өкмөт коомчулуктун бүйүрүн кызыткан, уурулуктун бети ашкере болгон иштерге көз жумуп жатканын белгиледи.

— Маркум Улан “көрүстөн саткан көпөстөрдү” тизмелеп, факты менен көрсөтүп берди. Ошол убакта телефон аркылуу коркутулуулар да болгон. Элдин төбө чачын тик тургузган музейдеги коррупцияны биринчи болуп Улан Эгизбаев алып чыккан. Күзөтчү отурган отургучтун баасы 100 миң сом экенин, ал жердеги жыгач устундун баасы 600 доллар менен сатылганын Улан факты менен көрсөтүп бербеди беле? Ошол боюнча кимдер камалды, кимдер жоопкерчилик алды? Ушунун баарын өкмөт унутуп калат деп ойлойбу, дагы деле жооп жок. Улан Эгизбаев “Кыргыз темир жолу” ишканасындагы кейиштүү абалды тартып, коррупциялык схеманын бетин ачты эле. Бирок үй-бүлөсү менен башкарып жаткан көпөстөр камырабай иштеп жатпайбы?

Курч иликтөөлөрү менен эфирге чыккан журналист Уланбек Эгизбаев быйыл 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн кезде каза болгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, ИИМ Эгизбаевдин сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.

Журналист тирүү кезинде “Бажыдагы уурулук”, “Темир жолдогу жемкорлук”, “Көрүстөндөгү коррупция”, “Музейге сарпталган миллиондор”, “Мансаптуулардын жер бизнеси”, “Саясатташкан мумия” жана башка ондогон иликтөөлөрдү жасаган.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу