Акаев: Эгизбаевдин өлүмү боюнча кылмыш иши козголушу керек

“Азаттыктын” иликтөөчү журналисти, маркум Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча кылмыш иш козголушу керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин билдирди.

— Чын эле Ысык-Көлдө түшкөн акыркы сүрөттөрүндө буту даана көрүнгөнүн, тирүү кезинде эч кандай так болбогонун апасы да айтып жатат. Жакын туугандары экспертизанын жыйынтыгы менен макул болбогон учурда беш адамдан турган дагы эксперттик комиссия иштейт экен. Бирок окуя боюнча кылмыш иши козголуп, дыкат тергөө жүрүшү керектигин айттык, коомчулук Уланга буга чейин коркутуулар болуп келгенинен маалыматы бардыгын жана анын өз ажалы менен өлгөнүнө эл ишенбей турганын эскерттик. ИИМ тергөө уланарын, айрым жагдайлар боюнча дагы убакыт керектигин айтып жатат.

ИИМдин тергөөчүсү Сүйүнбек Муңайтпасовдун «Азаттык» радиосуна билдиришинче, Эгизбаевдин өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү. Анын айтымында, экспертиза «Эгизбаевдин өлүмүнө сууга чөккөнү себеп болгон» деген бүтүм чыгарган. Ошол эле кезде анын ашказанынан уулануунун белгилери аныкталган эмес. Мындан тышкары экспертиза буга чейин көп суроолорду жараткан Эгизбаевдин бутундагы шектүү тактар «маркум каза болгондон кийин пайда болгон» деп белгилеген. ИИМдин өкүлү экспертизанын жыйынтыгы талданарын, тергөө иштери уланарын жана бардык маалыматтар каралып чыгарын кошумчалады.

Журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн маалда каза болгон.

Буга чейин Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу ишти прокуратура көзөмөлүнө алган. Ушул тапта журналисттин көзү тирүүсүндө ага коркутуу-үркүтүүлөр болгону боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Анын алкагында тиешелүү материалдар милицияга, Экотехинспекцияга юридикалык баа берүү үчүн жөнөтүлгөн.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу