Акаев: Төрт президентке стратегия жазып жүргөндөр кийинкиге катышпасын

Буга чейинки президенттердин тушунда улуттук стратегияларды жазып жүргөндөр эми бул сыяктуу документтерди иштеп чыгууга катышпасын. Мындай сунушун бүгүн парламентте сүйлөп жатып депутат Жанарбек Акаев билдирди.

Бүгүн Жогорку Кеӊеште “Мамлекеттик стратегиялык башкаруу жана пландаштыруу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Долбоорду депутаттар тобу сунуш кылган.

Депутат Акаев буга чейин көптөгөн стратегиялар жазылганын, бирок алар ишке ашпаганын жана бул үчүн кимдир бирөө жоопкер болушу керек экенин билдирди:

— Эгемен Кыргызстан болгондон бери баягы эле саясатчылар төрт президентке стратегия жазып берди. Кийинки президент ошолорду кошпой эле койсо. Анткени алардын жазган стратегиясы иштеген жок.

Мыйзам долбоорунун автору, депутат Акылбек Жапаров бул суроого жооп берип жатып “Бул маселе камтылган. Координациялык кеңеш жазат. 30% илимден, 30% жарандык коом менен бизнестен болот. Калган 40% аткаминерлердин фамилиялары так аныкталат. «Эгерде программа ишке ашпай калса алардын жоопкерчилиги персоналдык түрдө каралат» деп жазып жатабыз” деди.

Расмий маалыматка караганда, учурда Кыргызстанда ар кандай аталышта 700дөн ашык стратегиялык документ бар.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу