Акаев Москвада, Бакиев Минскиде “танцует”

Мурдагы президенттер Акаев Москвада, Бакиев Минскиде «чардап» жатышканы тууралуу видео-маалымат эки күн мурун Ютуб сайтында жарыяланды. Бир мүнөттөн бир аз ашык болгон ошол тасмадан эле көп нерсени түшүнсөң болот. «Алар кайсы акчага мынчалык чартаңбай тээп жатышты болду экен?» суроо жаралат. Дал ошолордун айынан Кыргызстан бүгүн жардын кырында турат. Мисалы… Акаевдин башкаруу доорунда кол коюлган кылмыштуу «Кумтөр келишими» эле мамлекетибизге, баа жеткис жаратылышыбызга не деген зыяндарды үйүп салды. Азыр эми канадалыктар казчусун казып, жечүсүн жеп, акырындык менен чемодандарын жыйыштыра баштады. Жаратылышыбыз орду толгус зыянга учурады, химиялык уу заттарга толду. 26 жылдан бери алтын эле эмес канчалаган башка дагы кен байлыктарыбызды ташып кетишти. Кумтөрдөгү алтын кенинин дээрлиги ошол чет жактык казуучулардын пайдасына чечилген дүйнөлүк афера болгон ал келишим кимдир бирөөлөрдүн чөнтөгүн чейрек кылымдан бери толтуруп келе жатканын, колунан
кармап алышпаса да коомчулук сопсонун сезип турат. Ал эми ошондой өтө ири кылмышттуу келишимди
жараткан Акаев тигинтип Москвада тайраңдап жүрөт, тескерисинче алыстан туруп алып кайра бизге акыл
айтып…
Андан кийин бийликке келген Бакиев да Минскиде кудум эч нерсе болбогондой сайран куруп жүрөт. Ал
эле эмес, анын бир туугандары, балдары дагы. Кайсы акчага? Алардын артында азыр өмүрү өчкүс так калды. Болбосо, ал бийликтин ошол учурлардагы жасашкан кылмыштарын атабаганда да, ошондой авторитардык-
диктатуралык, кландык, үй-бүлөөлүк бийлиги жедеп коомду эзип жибергенден улам тутанган 2010-жылдын
7-апрель окуясын эстегилечи? Андагы борбордук аянт канга жуулуп, бийлик тараптан өз элине атылган ок,
чыркырап кыйылган өмүрлөр, жап-жаш өмүрлөрдү… Ал окуяда миңдеген адамдар жараат алышты, кийин да канчалары алган жараатынын айынан курман болуп кетишти, канчалары эмгекке жараксыз болуп калышты? Ботосун жоготкон ата менен эненин, тал чыбыктай кездеринде кара кийинип калган жубайларынын ыйычы? Ушуларды кантип унутабыз, маңкурт эле болуп калбасак!?

Ал эми учурдагы бийлик болсо негедир негизги күчүн («өзүнүн чоң рейтинги» менен) шайлоодо жеңип чыгышына опол тоодой эмгек өтөгөн бир кездеги соратниктерин тазалап, жулуп, жок кылууга коротуп жаткандай. Регионалдык маанайдагы тар түшүнүктү карманган айрым катмар менен кошоматчы, туруксуз саясатчыларды, дүжүр серепчилерди ийкемдүү пайдаланып жаткандай түр.

Бирок, мындай аракет аларды эле эмес, жалпы Кыргызстанды жакшылыкка алып барбаарын неге түшүнгүлөрү келбей жатты болду экен? Ошо төрдөгүлөрдүн өз командасына карата чабуул жасоодо өткөн жылдагы ТЭЦ окуясы өзгөчө «артилериялык курал» болуп берди. А чын-чынына келгенде жагымпоз адамдардын ооздору менен каралатып, ошол ТЭЦти модернизациялоого бел байлап, аны
ишке ашыргандар, азыр мокочо болуп, алды абакка жатат. Бүгүн, учурдагы бийлик «бомалап» жаткан ошол «мокочолор» болбогондо мамлекеттин борбору кандай абалда калмак? (Тээ 1960-жылдары курулган, эскилиги жеткен айтылган жылуулук борборунун ордуна жаңы ТЭЦ модернизацияланбаганда?) Мамлекеттин борбору тоңуп калган шаарга айланмак. Көп кабаттуу үйлөрдүн жылуулук берүүчү батареялары эле эмес, көчөлөрдгү жолдордун алдында орнотулган трубалардын баары иштен чыкмак. Аларды кайра калыбына келтирүүгө чама-чаркыбыз да жетмек эмес. Эмне үчүн ушул чындыкты
айтпайбыз?
Болоору болду. Эми азыркы бийлик эгер чындап эле бүгүн бар эртең жок тоголок бийлиги үчүн эмес, мамлекеттин өнүгүп-өсүүсү үчүн жанталашса, анда бир жерди «чукулай» бербей алдыга жылышы керек го? Коомчулук көрүп турат, келечегибиз болгон билим берүү системасы, өлкөнүн саламаттыгын сактоо тармагы, айыл-чарбасы, жалпы эле экономикалык абалыбыз мактанаарлык эмес экенин. Андыктан, жалаң кошоматчылардын, бузукулардын, «котур ташын» койнуна каткан тукургучтардын жана элдин атына жамынып алып айкырып жаткандардын эмес, «канткенде өнүгөбүз?» деген тунук ою бар, тегирменди оң жакка айлантуучу амал издегендердин сөздөрүнө көңүл бөлсө деген ойду айткың келет экен. Бүгүнкү бий-лик эгелери сонун, прогрессивдүү  иштерди жасап, анын жылуулугун жалпы журт сезе баштаса ким аларга сын пикир айта алмак? Андыктан, азыркы бийлик «пайдаланып» жаткандай регионалдык маанайдагы масса менен кошоматчы, туруксуз саясатчылар, дүжүр серепчилерден бөлөк коомдо башка да контингент бар. Баарына сабырдуулук кылып карап жаткан контингент… «Эрегиштен эр өлөт» дейт кыргыз. Ылайым ошондой болбойлу. Алдыга жылбайлыбы? Ошончолук күрөшкүбүз келип турса, кара күчкө же бийликтин күчүнө салып эмес, саясатта оппоненттер менен маданий, мыйзам алкагында күрөшпөйлүбү? Андай шартта кимдин колунан эмне келээрин, коомго кимдердин пайдасы, жылуулугу тийип жатканын эл өзү аныктап алмак, ошондо…

Автор: Бактыбек Арыкбаев

Булак: “Айгай”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу