Акаев менен Бакиев келет…

Оппозициялык күчтөр Кыргызстандын башкалаасында 7-апрелге карата элдик курултай өткөрүшөт. Ага өлкөнүн мурдагы президенттери Аскар Акаев жана Курманбек Бакиев дагы чакырылат. Бул туурасында уюштуруу тобунун мүчөсү Адил Турдукулов билдирди.

– Курултай 7-апрелге карата белгиленди. А буга дейре элдик курултайды уюштуруучулар аймактарга барышып, эл менен жер-жерлерде жолугушуп, муң-зарын тыңдашат,- деп кошумчалады уюштуруу тобунун мүчөсү Адил Турдукулов. – Азырынча үч тема аныкталды. Бул саясый куугунтукка кабылып камалгандар, сөз эркиндиги жана жемкорлук менен күрөш.

Адил Турдукулов Элдик курултайга Кыргызстандагы бардык саясый күчтөр менен бирге өлкөдөн качып кетишкен мурдагы президенттер Аскар Акаев жана Курманбек Бакиев дагы чакырылгандыгын кошумчалады.

Булак: Майдан.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу