Акаев: Венгриядагы гранттык окууга ЖК, өкмөттө иштегендердин балдарынын тизмеси кетти

КСДП фракциясынын депутаты жөнөкөй окуучулардын документтери табышмактуу түрдө жөнөтүлбөй калгандыгын баса белгиледи.

Венгрия сунуштаган гранттык орундарга жалаң Жогорку Кеңеш менен өкмөттө иштегендердин балдарынын тизмеси кеткен. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.

Эл өкүлү жөнөкөй окуучулардын документтери табышмактуу түрдө жөнөтүлбөй калгандыгын баса белгиледи.

«Венгрия менен 25 студентти акысыз окутуу боюнча грантка кол коюлган. Бирок тандоо учурунда арыз берген 100дөгөн балдардын документтери жиберилген эмес. Алардын ордуна Билим берүү министрлиги өкмөттө, ЖКда иштегендердин балдарынан турган тизмени жөнөтүшкөн», — деди депутат.

Акаев асмандан түшкөн грант менен окуйм деп барган чоңдордун балдары өлкөнү уят кылган учурлар көп экенин айтып, билимге суусаган жаштардын жолун тосуу туура эмес экенин кошумчалады.

Булак:Спутник

Аргумент.kg
Жооп калтыруу