Акаев  Атамбаевди каматабы?

Ансыз деле көңүлү чөгүп жүргөн экс-президент Алмазбек Атамбаевге жакынкы күндөрү дагы бир оор сокку болду. Кыргызстан үчүн өтө маанилүү окуя   II дүйнөлүк көчмөндөр оюунуна Атамбаевге чакыруу кагазы берилбей калыптыр.

Колунда бийлиги болуп өлкөнү башкарып турган учурунда ушундай окуяга туш болорун Атамбаев ойлоду беле? Балким көчмөндөр оюунуна барбай үйүндө отуруп аркы-берки тууралуу терең ойго батып, жетекчи кезиндеги айрым бир кадамдарына өкүнөбү же жокпу?

Биринчиси эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы болуп жаткан учурда, борбордук аянттагы салтанатта экс-президент Роза Отунбаевага ошол салтанатка ыгы келбесе дагы ачуу сөздөрүн агытып, Исаковнаны аянттан басып кетүүгө аргасыз кылбады беле. Жашоо бумеранг деп философдор бекер айтпаса керек. Ошонусу азыр өзүнө кайталанып аткан жокпу?

Экинчиси өлкөдөн чет жерде аргасыз жүргөн биринчи президент  Аскар Акаев массалык маалымат каражаттарына маек куруп, дагы бир ирээт залкар жазуучу Чынгыз Айтматов СССР жазуучулар союузунун каражатынын эсебинен бир топ эле ири суммадагы акча бөлдүрүп келгендигин айткан. Бирок ал каражат жазуучулардын ал-абалын оңдоого жеткен эмес. Анткени ошол кездеги жазуучулар союузунун адабий фондун жетектеп турган Атамбаев Айтматовду алдап жеп кеткендигин айтты. Бул окуя эмне менен аякташы мүмкүн? Мындай өтө олуттуу билдирүү иликтениши керек дегендер да аз эмес. Эгерде иликтенүү башталса эмне натыйжа чыгышы мүмкүн? 2005-жылдагы жоогазын ынкылабын Атамбаев өзүн сактап калуу максатта каржылаган деген ойлор да жок эмес. Эми Акаевдин келме кезеги келип Атамбаевди каматабы?

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу