Акаев: Атамбаевдин аталык кылам деген ою ишке ашпай калды

Жогорку Кеңештин эркин депутаты Жанар Акаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызматтан кеткенден кийин да өлкөнү башкарам деген ниети ишке ашпай калды деген пикирин «Парламентаризм сабактарында» берүүсүндө айтып чыкты.

— Ал киши жаңы салган үйүндө жатып алып башкара берем деген ою ишке ашпай калгандан кийин Баш мыйзамды, Бакиевдерди жана башка маселелерди эске салып жатат. Элдин бир да маселесин көтөргөн жок, өзүнүн жеке таарынычтарын айтып чыкты. Мени укпаган президент келип калса, аны эч ким эмес кылып коем деп Баш мыйзамды өзгөрткөн. “Аталык” болуп алам дегени ишке ашпай калды.

Соңку апталарда экс-президент Алмазбек Атамбаев менен президент Сооронбай Жээнбеков акыркы бир жылдагы алгачкы интервьюларын беришти. Жээнбеков Атамбаевди «мени жетеленме саясатчыга айлантууга аракет кылды» деп ачык сындаса, экс-президент учурдагы президентти «Бакиевдердин жолуна түштү» деп айыптап, ачык оппозицияга өткөнүн жарыялаган.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу