Академик Сабыр Жумабеков Венада Европа федерациясынын Ортопеддеринин Конгрессине катышууда

Академик-ортопед Сабыр Жумабеков Австрия мамлекетинин борбору болгон Вена шаарында Европа федерациясынын Ортопеддери арасында өтүп жаткан Конгресске катышууда. Бул Конгресске Сабыр Жумабеков өзүнүн илимий иштерин ала келгенин кабарлады. Сабыр Артисбекович дүйнөнүн төрт бурчунан келген белгилүү Академик-ортопеддер менен пикир алмашып, жакшы жыйынтыктарга жетишүүдө. Европадагы сапары тууралуу Сабыр мырза төмөндөгүчө билдирди:

-Мен 30-майдан 3-инюнга чейин Европада, Австриянын Вена шаарында Европа федерациясынын травматолог-ортопедтердин Конгрессине катышып жатам. Ошого расмий түрд ө чакыруу келип ошол жакка катышканы келдик. Бул Конгресске Европадан жана башка көптөгөн шаарлардан ортопедтер келип катышууда. Бул жыл сайын өтүп туруучу иш-чара.

Мен бул Европа ортопедия академиясынын 10 жылдан берки мүчөсүмүн.Ошондуктан мени бул иш-чарага жылда чакырышат.Ал жерде 3 күн талкуу болот.Талкууга баардыгы илимий иштерин, операцияларын алып келишет. Доклад түрүндө, фильм түрүндө көрсөтүлөт жана дагы бул жерде бүткүл дүйнөлүк ортопедиялык чоң көргөзмөлөр болот. Көргөзмөдө жаңы технологиялар жаңы чыккан ыкма апараттардын баардыгы ушул жерде көргөзүлөт. Мына ошондой жыйынга биз жылда барып катышабыз. Бул эмнени билдирет: биз дүйнөлүк стандартта иштешибиз керек. Мисалы; Америкада Европада кандай жасалса операциялар,  биз да Кыргызстанда ошондой жасайбыз, бири-бирибиз менен тажрыйба алмашабыз. Ошону жасаш үчүн биз ушундай чоң жыйындарга барып катышып өзүбүздүн жасаган нерселерди эле көрсөтөбүз жана дүйнөдө болуп жаткан, Европада болуп жаткан жакшы нерселерди өзүбүзгө алып барабыз. Мына  биз ушундай чоң уюмга мүчөбүз. Сыртка чыгып тажрыйба алмашпасак мындай жакшы нерселер Кыргызстанга кирбей калышы мүмкүн.Ошондуктан биздин максат, Кыргызстандагы ортопед-травматологтордун максаты, Кыргызстанга жаңы нерселерди киргизип, ушундай жаңы ачылыштарды биздин жарандарыбызга, биздин бейтаптарыбызга алып келишибиз керек. Мына биз ошонун үстүндө иштеп жатабыз. Бул конгреске биз мамлекеттен бир тыйын алып келген жокпуз, бизди ушул тарап өздөрү чакырып өздөрү баарын төлөп беришет. Башкача айтканда баардык чыгымды өздөрү төлөп беришет. — дейт Академик.

Казакстан жана  Өзбекстандан келген профессор достор.

Бангладештен келген профессор Бали менен.

Германиялык профессор Матисс. Бизди 21 жылдык достук байланыштырып турат. Кыргызстанга 2 жолу келип кеткен.

Италиялык профессор дос Веймар менен. 15 жылдан бери жакшы достордонбуз.

Кыргызстандык, Россиялык жана Белорусиялык профессор достор менен.

Булак: Чындык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу