Айым: «Кайын энем «боюңдан алдырбасаң, ажыраштырам»- деп жатат… Эмне кылсам? Кеңеш бериңиздерчи…

Үч айлык кош бойлуумун. Баламды эркелетип, ага кам көрүп, бактылуу эне болгум келет. Бирок, мунун баарына кайын энем каршы.

Жолдошум менен сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Көп балалуу болгубуз келчү. Кээде маектешип олтуруп “баатыр эне, баатыр ата” болобуз деп күлүп калчубуз.

Кайын энем менен бирге турабыз. Ага каршы эч ким сүйлөбөйт. Айтканы айткандай аткарылбаса, ызы-чуу башталат.

Боюмда бар экенин укканда “Азыр жашсыңар, кийин деле балалуу болуп жетишесиңер. Жашоо шартыңарга карабайсыңарбы?” — деп боюмдан алдырууну буюрду.

Жолдошум төрөшүмдү каалайт. Бирок, апасына каршы сүйлөй албайт. Оюма койсо төрөмөкмүн. Айтканын укпай коёюн десем, күйөөм менен ажыраштырып салчудай.

Үч айлык баланы алдырууга болобу?

Гүлзина Мадраимова, гинеколог

Урматтуу айым, ичиңиздеги бала чоңоюп калыптыр. Алдырып салуунун зыяны чоң.

Абортту күтүүсүз кош бойлуулуктан кутулуунун эң жаман жолу. Медицинада кош бойлуунун ден-соолугу көйгөйлүү болуп, баланы төрөө энеге зыян алып келе турган болсо гана, комиссиянын текшерүүсү аркылуу бойдон алдырууга уруксат берет.

Кайын энеңиз убагында бала баккандан кыйналса керек. Канткен күндө да, чечим кабыл алуу сиздин колдо. Эсиңизде болсун, баланы кайын эне үчүн төрөбөйсүз. Ал кишинин колуңуздан сүйрөп барып, аборт жасаттырганга укугу жок.

Жакшылап ойлонуп, туура жыйынтыкка келиңиз. Ийгилик!

Ширин Амантурова, психолог

Окурман, кайын энеңиздин үй-бүлөгө кийлигийшкени, айтканындай болушун талап кылганы туура эмес.

Кайын энеңиз “Балдарым бутуна туруп, анан балалуу болсун” деген ойдо окшойт. Бирок мындай болгон күндө да ичиңиздеги бала күйөөңүз экөөңүздүкү.

Медицина боюнча 3 айлык баланы алдырууга дагы болбойт.

Жакын адамдарыңыздын кеңешин угуп, чечимди жолдошуңуз менен бирге чыгарыңыз.

Туура жолду тандаарыңызга ишенем!

БУЛАК:bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу