Айымкан Кулукеева, ТИМдин маалымат катчысы: «Кытай элчилиги жайгашкан жер 2003-жылы эле 49 жылга ижарага берилген».

Урматтуу достор! Социалдык түйүндөрдө таркап жаткан негативдүү маалыматтарды окуп, маалыматтар башка нукка бурмаланып жатканын байкап, түшүндүрмө берип коюну туура көрүп турам. Бирок менин түшүндүрмөмдү кайсы бир өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн эмес, Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн экендигин сөзүмдүн башында белгилеп кетейин.

Бишкек шаарынын түштүк-батыш бөлүгүндөгү, азыркы Кытай элчилиги жайгашкан жер-мурда эле 2003-жылдын 2-октябрындагы №712 Бишкек мэриясынын Токтомунун негизинде Кытай Эл Республикасынын Бишкекеги Элчилигинин имаратынын куруу үчүн 49 жылга ижарага пайдаланууга берилген. Тактап айтканда, Кытай тарап, 3,3 гектар аймак үчүн ушул күнгө чейин Кыргызстандын бюждетине жылына ижара 700 минден ашык сом акы төлөп келе жатат. Ал эми Пекинде жайгашкан Кыргызстандын элчилиги 443 кв.м. жерди ижарага алып, ал үчүн 90 000АКШ долл. Кытай тарапка жылына төлөп келе жатабыз. 443 кв.м жер үчүн жылына 90 миң АКШ долларын бюджеттен төлөш биздин мамлекет үчүн деле оор экенин баарыбыз түшүнөбүз да. Ошонуктан, акыркы 4-5 жылда кайра-кайра бул теманы кыргыз-кытай эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө көтөрүп жатып, акыры Пекин шаарынын борборунан 25 сотых өлчөмүндөгү жер бөлүп берүү тууралуу кытай тарап менен келишимге жеттик. Андан сырткары, макулдашууга ылайык кытай тарап Кыргыз Республикасынын Пекин шаарындагы элчилигинин имаратынын бардык комплексин БЕКЕР куруп берет. Демек, мындан кийин эки мамлекет теӊ бири-бирине ижара акы төлөбөйт. Бул биздин мамлекет үчүн чон пайда, себеби жылына төлөнүп келе жаткан 90 миң АКШ долл. акча бюджетибизде калат. Эң башкысы эч ким эч кимге биротоло жерин берип салган жок, кытай тарап дагы, кыргыз тарап дагы, ар кимдин жери өзүндө калат, анын үстүнө жер кодекси боюнча жер сатылбайт жана берилбейт, аны баарыңыздар жакшы билесиздер. Жер ар бир өлкөнүн өзүндө калат, болгону эки өлкөнүн тең элчиликтеринин имараттары, мисалы Бишкектеги Кытайдын, Пекиндеги Кыргызстандын элчилигинин имараттары гана өздөрүнүн менчиги болуп калат.

Салыштырып көрөлү: Пекин шаарынын борборундагы 1 кв.м жер участкасынын базардык баасы 2500-3800 АКШ долларын түзөт (же 9,5 млн. АКШ долларынын тегерегинде). Ал эми Бишкек шаарында 1 кв.м жер участогунун баасы салыштырмалуу бир кыйла арзан.

Биз бардык жагын карап чыгып, эч кандай утулбай тургандыгыбызды эсептеп чыгып, анан ушул келишимге такалдык.

Мындан саясат жасоо туура эмес деп эсептейм.
Эң башкысы жер эч кимге берилген жок, болгону ижарага берилген, ошол жердин ижара акысы гана алынып салынат, болгону ошол.

БУЛАК: maalymat.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу