Айымдарга майда бирок маанилүү кеңештер…

Кумурскадай тынымсыз эмгектенген кожейкелер кээде майда бирок маанилүү үй тиричилигиндеги нерселерди унутуп же билбей калышкан күндөру көп болот. Андыктан ашканага сыр белги баракчасын ар тараптуу жана кыска кылып даярдап берүүнү туура көрдүк. Балким сизге биздин белги баракчабыздын жардамы тиер.

-Айлыгыңыздын аздыгынан түштөнүүгө үйдөн тамак даярдап барууну каалап бирок ылайыктуу идиш таппай жатасызбы? Диск сактоочу желим сизге кадимки идиштин ордун басат. Ал үчүн диск сактоочу желим идиш жардамга келет. Дисктин идишинин ортосундагы узун желимди кесип салабыз. Бул идишке салынган бутерброд сыяктуу тамактар кандай тыгында болбоңуз формасын жоготпойт жана бузулбайт. Болгону жайдын ысык күндөрү капкагын ийне менен тешип аба кирме кылып коюну унутпаңыз.

-Сүттү отко коюп унутуп же жумуштан колуңуз бошобой ташытып алдыңызбы? Бир аз сүтүңүздү ташытып ийгеңиңиз аз келгенсип птитанын бетиндеги күйүктү да жууш керек. Сүттү откто коерго идиштин үстүнө жыгач кашыкты коюп койсоңуз ташыбайт. Болгону байытып албаңыз.

-Кээде шнурларды улаштырып бир нерсе кылайын десеңиз ар түрдүү болгонго бири-бирине тийишпей калат. Мындайда шнурларды бири-бирине байлаштырып, анан туташтырып койсоңуз электр тогу үзгүлтүксүз келет.

-Буурчак, күрүч сыяктуу азык-түлүктөр салынган желим баштык айрылып же аларды идишке салаардан төгүлүп жердин баары булганып жатабы? Анда сиз кадимки эле 1 же 1,5 литрдик желим бөтөлкөнүн башын кесип баштыктын оозун желим оозго киргизип андан кийин капкагы менен бурап жаап коесуз. Ал эми бөтөлкөнүн калган бөлүгүн узун кылып кесип алабыз. Экинчи бөтөлкөнү биринчи бөтөлкөгө кийиштирип койсоңуз сизге макарон, спагетти же күрүч салган идишке айланат.

-Даараткананын унитазын тазалай албай саргарып, сасык жыт чыгып жатабы? Анда бачогундагы сууга уксус куюп коюңуз. Бачоктогу сууну агызганда андагы бактериалар, кирлер жана көктөр тазаланып калат. Унитаз жууган ершикти таза кармоону билбей жатсаңыз, кадимки эле Доместоско жарым саат чылап койсоңуз сиз жийиркенген кири кетип таптаза болуп калат.

— Терезенин кири кетпей күңүрт болуп жатабы? Тазалаганга каражаттар болбой калса анда кадимки эле бир колдонуучу кара чайдын бир баштыгын бир стакан сууга чылап, суусу менен терезе айнектерин жууса так калтырбай таза жуулат.

-Тынымсыз бууланып турган ваннанын кафелдеринин бириккен жерлери кирдеп кетпей калат. Мындай учурда уксус менен идиш жуучу каражатты теңме-тең аралаштырып жууп көрүңүз. Сизди убара кылган тактап көз ачып жумгуча кетет.

-Раковинадагы суунун тактары кээде сууга кетпей калат. Мындай учурда тактарды жана хлордун калдыктарын лимондун бир кесими менен сүртүп, андан кийин суу менен таза жууп кургактап коебуз. Өтө кир болуп тазалай албай жатсаңыз уксустан компресс кылып жарым саат таштап коюңуз. Тез жуулуп кири таза кетет.

-Йоддолгон туз менен тамакты туздабаңыз, өзгөчө бышып жаткан этти. Кайнап жаткан учурда туздагы йоддор буу мене кошо учуп кетет. Эгерде туздагы йод калышын кааласаңыз анда тамакты оттон чыгарар астында туз салып, даамын көрсөңүз болот.

-Тоңгон этти эритпей сууга салып кайнатсаңыз, жакшы бышат жана чий көбүгү да таза алынат. Ал эми тоңун эритпей ысык сууга салып же куурусаңыз даамы кетип, катуу болуп калат.

-Пияздын ачуусунан көзүңүзгө жаш алып жатсаңыз, анда сиз кабыгын аарчыгандан кийин муздак сууга чайкап алыңыз же тең экиге бөлүп муздак сууга жарым саат салып коюңуз. Пияздын ачуусу кетип туураганда көзүңүздү ачыштырбай калат.

-Пиязды алтын түстүү кылып кууругуңуз келсе майда бир чымчым шекер салып жай отко коюңуз.

Дамира СААЛИЕВА

БУЛАК:argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу