Айымдарга кошумча каражат табуу үчүн идеялар

Жашоо үчүн акча керектигин эч ким тана албас. Эгер сиз аз суммадагы акча менен чакан бизнес баштоого болбойт десеңиз, жаңылышасыз. Төмөндө үйүндө жумушу жок отурган кыз-келиндерге бизнес-идеяларды сунуштамакчыбыз.

АЛГАЧКЫ КАДАМ

1. Алгач жашаган аймагыңызга изилдөө жүргүзүңүз. Учурда рынокто эмне актуалдуу, кайсы товарга суроо-талап көп экенин билиңиз.
2. Актуалдуу товар сиз жашаган аймакка кайдан келерин: шаар, райондун борборунан же товар чыгарган компания дүкөндөргө жеткирип береби, ошого жараша товар баасын аныктаңыз.
3. Ал товарды саткан атаандаштардын санын тактаңыз. Товарга коюлган бааларды салыштырып чыгыңыз. Эгер атаандаштык көп болсо, товарга коюлган баа арзан болуп, сиз жаңы баштаган иштен пайда таппай калышыңыз мүмкүн.

№1 ТАМАК-АШ
Кыргызда той-аш көп. Демек, боорсок, булочка, печенье, саңза, торт, чүчпара жана башка тамак-ашка буюртма алып, бышырып сатсаңыз болот. Алгач үйдөгү ун, май жана башка азыктардан жасап турсаңыз, кийин кардарыңыз көбөйгөндө бул чыгымыңыздын ордун жаап, бизнес үчүн өзүнчө каражат бөлө баштайсыз.

Ишке ашыруу:

  • Даамдуу, сапаттуу, таза жасалышы шарт.
  • Баасы. Сунуштаган товарыңызга кеткен чыгымдар: азык-түлүк баалары, кызмат көрсөтүү, электр жарыгы же отун-суунун баарын эсептеп, ошого жараша баа коёсуз. Негизи сиз жасаган азыктын баасы дүкөндөрдөгү баадан арзан, ошол эле учурда өзүңүзгө пайда алып келе тургандай болсун. Ал үчүн азык-түлүктөрдү арзан саткан булак табышыңыз керек.
  • Баалар баракчасы. Чекене 1 килограммдын баасы, дүңүнөн 10 килограммдан ашса кандай жеңилдиктер каралгандыгы, азык канча убакытта даяр болору, азыктын кандай түрлөрүн сунуштай аларыңызды так көрсөтүңүз.
  • Таратуу. Алгач кошуна, дос, туугандардан жарнамалоо үчүн жардам сураңыз. Экинчи тарап – интернет. Бардык социалдык тармактарга товарыңыздын сапаттуу, табитти ача турган сүрөттөрүн жүктөңүз. Кызмат көрсөтүү боюнча маалымат, кызыктуу пост жазыңыз. Маалыматтарды, сүрөттөрдү улам жаңылап турушуңуз керек.


№2 СУЛУУЛУК КЫЗМАТЫ
Азыр айыл аймагында деле маникюр, кошумча тырмак чаптатуу, шеллак өңдүү сулуулук кызматтарынан пайдалангысы келген кыз-келиндер көп.

Ишке ашыруу:

  • Кызыгуу, жөндөм, талант керек. 3-4 ай атайын курстан окуп үйрөнүңүз. Ошону менен токтоп калбай, интернеттен онлайн сабактарды карап туруңуз, акыркы модадан дайыма кабардар болуңуз.
  • Өзүңүзгө эң керектүү гана аспаптарды, каражаттарды сатып алыңыз. Эгер ишиңиз жүрүшпөй калса, ашыкчаларын сата албай убара болосуз же арзан баага кетет.

№3 НAND MADE
Тигүүчү, саймачы, түймөчүлүк шыгы барларга сунуш. Үйүңүздө тигүүчү машина болгону жакшы. Сезонго жараша: суук мезгилге жылуу кийим-кече, жылуу аба ырайында жеңилин токусаңыз болот. Андан сырткары шейшеп тигип сатыңыз, жер төшөк кураңыз, бижутерия жасаңыз жана башка.

Ишке ашыруу:

  • Керектүү каражатты арзан алган булак табыңыз.
  • Интернеттен курстарды караңыз, жөндөмүңүздү өстүрүңүз, тажрыйба топтоңуз.
  • Баасы, жайылтуу, таратуу жолдору жогорку мисалдардай.

КӨЧӨТ ӨСТҮРҮҮ
Сиз жашаган аймакта кайсы жашылча жакшы өскөнүнө жараша уругун сатып алыңыз. Сезонго ылайык: капуста, помидор, бадыраң, калемпир жана башкалардын көчөтүн өстүрүп сатыңыз.

Ишке ашыруу:

  • Кайсы жашылчанын сорту актуалдуу, сапаттуу экенин билиңиз.
  • Өзүңүз айдаган жашылчалардын уругун сатыңыз же ишенимдүү адамдан алыңыз. Сиз көбөйтүп сатканда башка сорт болуп калып кардарлардын ишеничинен чыгып калбаңыз.
  • Адистен кайсы өсүмдүккө кандай кам көрүү, жер семирткич керек экенин билүү кажет.

Кийинки сандарыбызда көбүрөөк каражатка кандай бизнес баштаса болору тууралуу кененирээк токтолмокчубуз.

Булак: Super.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу