Айыл чарба министрлиги сын угуудан бошобой

Кечээ жакында айыл чарба министрлиги, депутаттардын сынына да эмес таландысында калып, баштары шылкыйган бойдон кетишти.

Айткандай туура ойлонуп иш кылышса, аларды ким сындайт жана ким талайт.

Баягы эле айыл чарбасындагы ооз менен айтылып, бирок иш жүзүнө ашпаган куру убадалардын айы баарына себеп болду.

Бул жолу чет өлкөдөн олчойгон акча каражатын коротуп, алынып келген көчөттөрдүн тегерегинде болгон маселе эле бир топ чырдын башын козгоп, ызы-чуу бир топко уланды.

Берилген суроолорго министрликте иштегендер тыңгылктуу жооп бере албай жатып эле тил угушту.

Бул эми шалаакалыктын жеткен чеги экенин ким тана алат?

Деги качан сын айтпай, сыр айтышкан күн келет болду экен?

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу