«Айыл банкатан» 25 млн. сом насыя алууну көздөгөн ишкерден, банкирлер 10 миң доллар пара талап кылышып, кылаткка илиништи

Кыргызстандагы эки банктын кызматкерлери насыя алуучу жарандан акча талап кылууга шектелип кармалганы тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 25­мартта К.Г. аттуу жаран «Айыл Банктын» кызматкери андан ири көлөмдөгү акча каражатын талап кылып жатканын айтып, УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматына кайрылган. «Арыздануучу насыя алуу үчүн банкка кайрылганда, андагы кызматкер жарандан 10 миң доллар талап кылганын билдирген. Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 225­беренесинин 2­бөлүгү (ири суммадагы акча талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми 24­апрелде «Айыл Банктын» кызматкерине ортомчулук кылууга шектелген «Бакай Банктын» кызматкери арыздануучудан 170 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Учурда тергөө иштери уланып, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мындай маалыматты «Спутник» жазып чыкты. Деги эле мындай учурлар бизде көп эле. Бул ошолордун ачыкка чыгып, билинип калгандагысы да.

Булак: Чагылган

Аргумент.kg
Жооп калтыруу