Айша: «Молдо күйөөнүн азабын тарттым…»

Бул жашоодо ар бир ашыкча нерсе жашоого кедерин тийгизбей койбойт экен. Буга чейин сүйүп-күйүп тийген күйөө сөрөйүм ичкиликтин фанаты болуп, бир жылга жетпеген убакта андан кетип калууга туура келди. Болбосо колу тийгенден дагы ачуу тилинин азабы жанга батты. Андан соң ичкиликти ичкен кишиден катуу көңүлүм калган жаным, “намаз окуйт экен” деп, молдокеге турмушка чыгууга туура келди.

Бирок, молдоке менен ичкен кишинин деле айырмасы жок болот белем. Анткени молдо күйөө абдан майда анан болбогон нерсеге эле тыйуу салып, майда-баратка кирише берген адаты ушунчалык жаныма батты.

Андан эки балалуу болууга да жетиштим. Албетте балалуу болгонго эмне жетсин, бирок акылы тайкы молдоке акыркы кездерде такыр эле баарына тыю салып жатып балдарымды эмдетпей коюп, кызамык илдетине кабылдык. Эгер убагында молдокеге билгизбей эле эки баланы эмдетип койгонумда, мынчалык азапка калбайт элек. Бир кезде “доктурга барба” деп ач айкырыкты салган модоке эми гана эсине келип, өкүнүп турган кези. Деги качан адам сяктуу жашайт болдум экен. Негизи эле билим албаган, ичкиликке анан ашыкча динге берилген кишилер жашоого катуу кедерин тийгизип жатканына турмуш өзү күбө.

Убагында айткам “Аманаалы ажы деле  балдарын эмдетип, доктурга көрүнүп жатат” десем. “Ал деген жасалма молдо, ал эч нерсени билбейт. Каапырларга баш ийген немеге сен теңелбе” деп ойго келбеген сөздөр катуу айткан. Эми минтип ошол каапырлардын дарысына муктаж болуп, балдарды аман алып калуунун амалын кылып жаткан кезибиз. Албетте мен бул жерден бардык эле дин адамдарына күнөө койгондон алысмын, бирок ар нерсенин чеги менен болгону эле жакшы экен. Алиги чүмкөнүп, жамынып-жашырылган кыз-келиндерге боорум ооруйт. Анткени, алар дагы бир кезде мендей болуп өкүнүп калышары турган иш. Баарына тыйуу сала берген күйөөгө тийип алышып, эркиндикти сагынышат.

Эркиндик дегеним молдокелерди эч ким конокко да чакырышпайт экен, “аялын кызганат” деп. Аял болуп жасанып конокко барганды койдум, көчөгө ээн басканга да болбойт. Ушул эми кимге керек эле. Кыскасы, мага да туура түшүнгүлө, аз да болсо арманымды айтып жеңилденип алдым.

Айша Арыкбекова, Ноокат району

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу