Айша апа: «КЫЗЫМДЫН БОЮ 1 МЕТРГЕ ЖЕТПЕЙТ. ИЧКИ ОРГАНДАРЫ БОЛСО ЧОҢОЮП КЕТТИ» h

Редакциябызга кайрылган ар бир адамдын үмүтү бар. Мындан аркы жашообузда жаңылык болуп кетеби, турмушубуз жакшы нукка бурулабы деген тилек менен келишет. Жаңы жыл алдында биз дагы көчөдө кайыр сурап күн көрүшкөн эне менен кызга үмүт берели деп ойлодук. Анда каарманым Айша апа өз баянын айтып берсин.

«ҮЧҮНЧҮ КҮЙӨӨМ 14 ЖЫЛГА КАМАЛЫП КЕТКЕН»
– Менин аты-жөнүм Айшакан Байсеркеевна. 62ге чыктым. 5 жашымда энеден жетим калдым. Атам андан мурун эле кырсыктан каза болгон экен. 5 жашымдан баштап мени таежем багып чоңойтуп, 16 жашымда күйөөгө берди. Ал азыркыга чейин өкүнүп «аттиң, жаңылып сени ошого берип койгон экенмин» деп жүрөт. Ал күйөөм менен жашоом болбой калды. Аны менен 4 жыл жашап, кыздуу болгондон кийин ажырашып кеттим. Мени эле эмес, башкаларды да сабап жиберген кызуу кандуу неме болчу. Ошентип бир топ убакыт бойдок жүрүп калдым.
Кийин токтогулдук жигитке турмушка чыктым. «Багы жокко дагы жок» дегендей, машина уруп кетип, ал каза болуп калды. Ашын бергенден кийин кайра төркүнүмө, Ысык-Көлгө бардым. Жалгыздык жаман нерсе экен, өзгөчө аялдар үчүн. Жалгыз жүргөнчө деп азыркы кызымдын атасына турмушка чыктым. Боюмда болуп, бирок ал 8 айлык болгондо өлүү түштү. Үчүнчү күйөөм милиция кызматкери болуп иштечү. Кызматын аткарып жүрүп бир орус улутундагы жигитти нашаа менен кармап алыптыр. Анан эмне болгонун деле билбейм, экөө уруша кетип, тиги нашаа чеккен неме да асылган го, айтор, күйөөм аны уруп өлтүрүп алыптыр. Ошентип 14 жылга түрмөгө кесилип кетти. Ал түрмөгө отуруп калгандан кийин эмне кыларымды билбей Бишкек шаарына келдим. Ал кезде боюмда болуп калганын билген эмесмин. «14 жыл кесилген күйөөмдү кантип күтмөк элем, боюмда да жок экен. Бишкекке барып жаңы жашоо баштайын, иштейин» деген элем. Жумуш издеп жүрүп боюмда бар экенин билип калдым. Мага эптеп жашап кетиш керек эле, жардам бере турган эч кимим жок болчу.
Боюмда бар кезимде оор жумуштарда иштедим, балким, кызымдын бою ошондон өспөй калдыбы деп ойлойм. Ашканаларда, базарда, айтор, мен иштебеген жер калбады. Көчөдөн алюминий издеп, аны өткөрүп жан багып жүрдүм. Ал кезде Жал кичи районуна үйлөр көп түшө элек кез болчу, көбүнчө ошол жактан казып жүрдүм. Өлбөстүн күнүн көрүп жүрүп акыры көз жардым.

«КЫЗЫМДЫН БОЮ ӨСПӨЙ КАЛГАНЫН КИЙИН СЕЗДИМ»
– Кызымды 9 ай көтөрүп, маалында жакшынакай эле төрөгөм. 2 килограмм 800 грамм болуп төрөлгөн. Жакшы тилектерге жетейин деп атын Тилек койдум. Кызым жакшынакай эле чоңоюп жаткан. 7 жашында кырсык болуп калды. Жан сакташтын айынан талаада иштеп жаткам. Кызымды жумушка алып барып, өзүм иштечүмүн. Ойноп жүргөн кызым бир маалда каналга түшүп агып кетиптир, араң кармап калдык. Эсине келди, эч нерсе деле болбоду окшойт дегем. Кийин мектепке бердим. Байкасам, аны менен тең балдардын бою өсүп эле жатат, менин кызым эле өспөй калды. Эми өсүп кетер деген үмүттө күтүп жүрдүм.
10 жашында доктурларга көрсөтө баштадым. Көрсө, кызымдын организминде гормоналдык бузулуу болуптур. Сууга агып кеткенден уламбы, боюмда барда оор иш кылганданбы же башка себеби барбы билбейм. Кызым ошол боюнча окубай калды, дарыласак деле эч натыйжа болгон жок.
Азыр 24 жашта, бою бир метрге да жетпейт. Бою кичине эле эмес, тили да келбей жаткансып чулдурап сүйлөйт. Өзү катардан калып калганы үчүн мектепке бар деп деле кыйнаган жокмун. Ошондон бери эле батирден батирге көчүп жашап келебиз.

«МАГА БИР НЕРСЕ БОЛСО КЫЗЫМ ЭМНЕ БОЛОТ ДЕП КОРКОМ»
– Жашоодон аябай эле кыйналдык. Азыр батир акысына 3 миң сом, электр жарыгы, суу үчүн өзүнчө төлөйбүз. Пенсияга да чыккан эмесмин. Ысык-Көлдөн чыгышым керек эле, кызымды карап турганга киши жок бара албай жатам. Айлам кетти, мурункудай талаа-түздө иштегенге азыр ден соолугум таптакыр жарабай калды. Кызымды да караганга адам жок.
Тилектен башка эки кызым бар, бирок алар өздөрүнүн тирилигин кылышат. Кээде ачка деле калган күндөрүбүз болот. Эч айла таппай калганда көчөгө чыгып тилемчилик кылабыз. Андан нан-чайга тыйын таап келебиз. Кызымды кээде ээрчитем, кээде үйгө камап кетем. Анткени ал бир аз басса эле энтигип кыйналып калат. Бою кичине болгону менен, ички органдары өсө берет турбайбы. Азыр боюнда бар аялдай ичи томпоюп турат, бою болсо кичине. Элден айланайын, жардам берип өлтүрбөй келе жатат. Мага бир нерсе болсо кызым эмне болот, кайда калат деп корком. Бизге бир аз жардам бере турган адамдар болсо кайрылат элем. Перзентинин кийинки күнү караңгы болуп турган эне катары өтүнөм, жардам бергиле, айланайындар…

                   Нуржамал Жийдебаев                                                                                                                                  БУЛАК:SUPER.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу