Айчүрөк Султанова: “Гүлбүбү Ороскул кызынын жылдыгы өткөнгө чейин ырдаган жокпуз…»

Жалаң атактуу, таланттуу кыздардан түзүлгөн “Достор” тобунун ырчы кызы Айчүрөк Султанованы zaman.kg маалымат сайтына кепке тарттык. Бул топтогу алты кыздын бирөө Гүлбүбү Орозкул кызы былтыр көз жумган эле. Ошондон бери “Достор” тобунун иш чараларда ырдаганын көрө алган жокпуз.Топтун таланттуу ырчыларынын бири Айчүрөк Султанова айымды кепке тартып, жеке жаңылыктарын да сурадык.

-Акыркы кездерде сизди ишчаралардан, концерттерден көп көрбөй калдык, чыгармачылыгыңыз кантип атат? Иштеп атасызбы?

— Силер билгендей эле мен Жогорку кеңештеги кызматымда иштеп атам, чыгармачылыгымды да унуткан жокмун. Эми гана жаңы ырларды жазып, бир жыл бою чыгармачылыгыма көп жаңылык киргизе алган жокмун. Эки бир тууганым да өтүп кетти, ошондон улам бир жыл ар кандай ишчара концерттерге чыкпай, эми гана кайрадан жаңы ырларды жаздыра баштадым. Кыргызстандагы Эшенкул Парпиев деген мыкты тамада бар эмеспи, ошол агай “Тамадалар мектебин” ачкан. Ошол мектептен үч ай окудум. Ширин Абдрахманованын комуз курсуна жазылып, окудум.

— “Тамадалар мектебинде” тойлорго тамада болоюн деген максатта окудуңузбу?

— Бул мектепке бир эле тамада болуу максат менен барган жокмун. Мектептен сөз чеберчиликти, сөз байлыкты көбөйтүү, каада-салттарды үйрөнүү максатында да окуса болот. Мисалы, биз той-топурларда сөз сүйлөгөндө баягы көнүп калган эле сөздөрдү айтабыз го, а бул мектептен биз кенен, эсте кала тургандай, улуу сөздөр менен макалдаштырып сүйлөгөндү үйрөндүк. Кыргыздын каада-салттарын окудук. Кайсыл жерде кайсыл адамдардын орду кандай, кайсы жер болсо ошол жердин атын чыгарып айтууну да үйрөттү. Биздин жаш курагыбыз куда күтө турган мезгилге да келип калды. Ошолордун орду кандай, кимге кандай тост бериш керек, кайсыл убакта кимдер сүйлөшү керек, баарын үйрөтөт экен. Бул мектептен үч ай бою абдан жакшы маалыматтарды алдык, сөз байлыгым кеңейди. Билбеген салттарды үйрөндүм.

— “Достор” тобундагы Гүлбүбү Орозкул кызы кайтыш болгондон бери чогулуп ырдаганыңыздарды көрбөй калдык…

— “Достор” тобунун ырчысы Гүлбүбү Орозкул кызыбыз кайтыш болуп кеткенине бир жыл болду, октябрда. Анын жылдыгын бергенден кийин гана чыгармачылыкка аралаша баштадык. Гүлбүбүнүн көз жумганы бизге чоң жоготуу болду. Бир жыл бою биз да эч нерсе кылган жокпуз, концерт да берген жокпуз. Эч бир иш чарага да катышкан жокпуз. Гүлбүбүнүн жылдыгын өткөргөндөн кийин гана эсибизге келип, эми гана концерттерге катыша баштадык, жоготуу абдан оор болду. Азыр “Достор” тобунда бешөөбүз калдык. Чакырган иш чараларга эми гана барып атабыз.

— Уулуңуз Марлен да сиздей ырдап, сахнага чыгып атат, анын чыгармачыл кечесин да өткөрүп аттыңыз эле, ал кандай өттү?

— Марлендин чыгармачыл кечесин 120 кишилик ресторанга өткөрдүк. Чоң концерт берердин алдында адегенде чыгармачыл кече өткөрөлү дедик. Өзү да ошентип чечти, концерттин алдында бул репетиция болуп калат эмеспи. Кечеге кесиптештери куттуктап келип, жандуу үн менен, оркестрдин коштоосунда ырдап кетишти. Ушул мезгилге чейин даярданып жүргөн ырларын ырдады, кече жакшы болду, келгендер ыраазы болуп кетишти. Ресторандагы кеченин өзгөчөлүгү ал жерде тамак ичип отуруп, ыр угуп, эс алып кетишет эмеспи. Марлен өзү да үч-төрт жаңы ырларды жазган, ошолорду аткарды. Азыр анын ырлары, клиптери теледен да көрсөтүлүп жатат.

-Марлен бой жетип калды го, үйлөнөм деген жокпу?

— Жок, андан улуу агасы бар да. Ал үйлөнө элек болсо Марлен кантип үйлөнөт. Кудай буюрса келээрки жылы улуу баламды үйлөнтөбүз деген тилегибиз бар. Марлен азыр иштеп, ырдап, өзүнө карьера жасап алсын деп атабыз. Азырынча шашкан жокпуз.

-Көптөн бери Жогорку кеңеште иштейсиз, ырдап да жүрөсүз, эки түйшүктүү иш бири-бирине жолтоо болбойбу?

— Иштеп жүрүп чыгармачылыкка аралашып ырдап, кайра даярданып, ыр жаздырып азыр көнүп деле калдым. Бирок жаңы баштаганда кыйналгам. Азыр бардык нерсени өз ордуна коюп койгом.Тойлор, концерттер кечинде болот, алтыда жумуштан чыккандан кийин барып катыша берем. Ыр жаздырганды дем алыш күндөргө, эс алуу убагында ылайыктайм. “Достор” тобундагы башка кыздар деле менин ишимди билишет, ошого ылайыкташат. Айтор, аракет кылсак берекет болот.

— Жыл жаңыраарына деле аз калды, өтүп бараткан жыл сизге кандай жыл болду?

— Өткөн 2017-жыл бизге абдан оор, жаманчылык, жоготуу көп болду. Чыгармачыл адамдар көп өтүп кетти, түлөө өткөрүп, куран окутуп атып эле өтүп кетти окшойт. Бул жыл деле жеңил болгон жок. Эми 2019-жылды жакшы маанайда тосуп алалы, жаманчылык, жоготуу, оорчулук эски жылдар менен калсын деп тилек кылып жатабыз. Жаңы жылдык көрсөтүүлөр, карнавалдар тартыла баштайт, ошого даярданабыз.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу