Айчүрөк Иманалиева, эстрада жылдызы: “Мага келген кыздардын баарын жылдыз кылып чыгаргыдай – Кудайдан мөөр алган эмесмин…”

– Ушул жылы чыгармачылыкка көп көңүл бөлөөрүңүздү жыл башында айттыңыз эле. Чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар болуп жатат?

– Былтыр 30 жылдык концертимди бергем, бирок көңүлүмө бир аз толбой калды. Ошондуктан, быйыл да кайталап берсемби деген ниетте турам.

Юбилейлик концертке чейин беш-алты жыл концерт койгон эмес элем, алыстап калат экенсиң. Алтын фондго кирбей, эл арасында калган ырларымды иргеп, кайрадан жаздырып жатам. Кудай буйруса, ушул жылы чоң программадагы концерт берем.

– Жаңы ырлар да жазылып атабы?

– Азыр беш ыр жаздырдык. Алардын үстүндө иштеп, клиптерди тарттырып, үч компания менен иштешип жатабыз. Рамис Алиевдин “Асыл жарым” аттуу чыгармасына клип тарттырып жэтабыз, ал жакынкы күндөрдө көрүүчүлөргө талкууланып калат.

– Жакында маалымат каражаттарына Жанин аттуу ырчы айымдын маеги жарыяланды. Анын айткандары боюнча сиздин оозуңуздан чындыкты угалы дедик эле?

– Чынын айтсам, ошол тууралуу кеп кылууну каалабайт элем. Мен ал аялды ырчы катары да, аял катары да тааныбайм. Алгач Жамин деп жатышканда түшүнгөн жокмун. Маекти көргөндө да тааный алган жокмун. Анан сиңдилерим “Айдаркенден келген кыз” деп айтып калышты. 93-94-жылдар болсо керек, ал бизге “апам мени чачымдан сүйрөп сабап үйдөн кууп чыкты, жигитим мени сабап кетти, мен өлөм” деп бир топ жаман нерселерди токуп айтып келгени элес-булас эсимде. Эшикте жамгыр жаап жаткан. Бут кийими айрык, шөмтүрөп суу болуптур. Эми элдин кишиси болгондон кийин “кой, антпе” деп жакшы сөзүбүздү айтып, суукта калып калбасын деп боорум ооруп үйгө киргизгем. Анда Сапар, сиңдим, күйөө балам, Халида деген кыз жашачу. Ошентип үйгө түнөп калды. 2 күндөн кийин гастролго кетмекпиз. Ал “эже, мен да силер менен барайынчы, мени баары жеп жатышат, ушинткенден көрө өлүп калганым жакшы” деп жатып биз менен кошо Ош, Көл, Талас жактарга барып келген. Биз гастролдоп жүргөндө туугандардын балдары, фанаттар деле артисттерди жакшы көрүп жаныбызда жүрүшчү да, анын бизди ээрчип жүргөнү эч кандай деле мааниге ээ эмес болчу.

Баламдан кордук көрдүм деп айтыптыр. Ал учурда Аргеним 5-6 жашта эле экен. Калпты айтарда да эсептеп алса болмок экен. Өзүңүз ойлоп көрсөңүз, 5 жаштагы бала болчу! Бакчага барган наристе чоң эле аялга кантип кордук көрсөтөт? Кичинекей бала эркелейт, ызы-чуу салып ойнойт. “Айчүрөк менен баласынан кордук көрдүм”- дегени атайын бирөөнүн буюртмасы менен сүйлөнгөн сөздөр. Анткени андан бери 23-24 жыл өтүптүр. “Менден кандай азапты көрдү экен?”- деп таң калып жатам. Азап көргүдөй мен муну тушап койгон жокмун. Же болбосо ырдатпай тилин сууруп алып, кишендеп байлап бир жерге кагып коюптурбузбу? Ал буюм эмес да, ал адам, каалаганын кылса болот. 24 жылдан кийин Кудайдын улуу күнү Орозо айында “азап көрсөттү” деп кандай адам күнөө коёт? Ушундай адамдарды колдонуп, айрымдар өз кызыкчылыктарын ишке ашырып жатканы өтө аянычтуу. Мындай нерсе баары бир жакшылык менен бүтпөйт.

– Ал сиздин үй кызматчыңыздай эле болуп жүргөнүн айтыптыр. “4 жыл жашадым” дептир.

– Төрт жыл жашаган эмес. Үй жумуштарымды кылгандай эки кабат үйүм жок, же гектарлап жер айдап картошка чаптырды дейсиңерби. Ал учурда үйдө сиңдилерим жашашчу, үй тиричилиги алардан артчу да эмес.

“25 жыл сахнада” деп маек берип жаткандын өзү эле бул аял үчүн уят. Анткени өмүрүн театрга, сахнага, маданиятка арнаган, элге белгилүү өнөр адамдары да “25-30 жыл сахнадамын” деп айткандан уялгандарын байкайм. Минтип айткандан өзүм деле тартынам.

Мен “ырдабайсың” деп башымды чайкап койсом, демек, аны элге чыгарыштын кажети жок болчу. Мага келген кыздардын баарын жылдыз кылып чыгарыш керек деген Кудайдан мөөр алган эмесмин да. Мен кадимкидей эле ырчымын. Менден кеткенине 24 жыл болуптур, Гүлшайыр эжеде, “Биз” тобунда иштептир. Эмнеге ал жактан чыкпайт? Кыргызстанды мен тейлеп, баары менин колумда беле, өзү чыга берсе болмок. Буга эч ким бөгөт болгон жок.

Арина Рыспаева

Булак: «Майдан»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу