Айчүрөк Иманалиева, ырчы: “Расул Маматкулов менен сезим болгон эмес”

NazarNews.kg маалымат агенттигине атактуу ырчылардын алдыңкы сабында турган, айдай сулуу атактуу айым Айчүрөк Иманалиеванын уулу Аргенди “Расул Маматкуловдун уулу экен” деген сөздөр жеткен эле. Алдын-ала бул шыбырт маданият чөйрөсүндө желдей тараган. Бул маалымат тууралуу атактуу ырчы айым Айчүрөк Иманалиеванын өзүн кепке тарттык.

—Саламатсызбы эже, сиз тууралуу маалыматты уктуңузда …

—Ооба уктум. Бул эмне деген абийирсиздик. Ушундай дагы болмок беле?

—Сиз мындай сөздү тараткан ырчыны да билет турбайсызбы?

—Бул туура эмес, Расулдун үй-бүлөөсү менен аябай жакшы карым-катынашта бир туугандайбыз. Кандайча бул маалымат чыгып кетти таң калып атам. Бул сөз такыр чындыкка дал келбейт. Эгерде бул нерсе чындыкка жакын болгондо эки эсе жакшы болмок экен.

— Расул Маматкуловдордун үй-бүлөөсү менен мамилеңиз барбы?

—Расулдун жубайы Катя менен жакынбыз. Ар дайым жакшылык жамандыкта чогу жүрөбүз. Арабыздан 30 жылдан өтсө дагы тыгыз досчулук мамилебиз үзүлбөй келет. Расул менен сүйлөшпөй калган учурда дагы, Расулдун жубайы менен күн сайын сүйлөшүп турамын. Катя достукка абдан бек, эркек мүнөз, шар жүргөн жакшы айым.

—Жогорудагы сөздөрдү уккандан кийин Расул мырзанын жубайы Катя эже сиз менен байланыштыбы?

—Катя дагы бул окуяны уккандан кийин тамаша түрүндө эле кабыл алды. Анткени Расул менен таанышкандан бери бир туугандык, досчулук мамиледе жүрөбүз. Бири-бирибизге сыйыбыз чоң. Ал эми Расул менен болгон жеке сезим тууралуу кеп кылуунун кереги деле жок. Андай нерсе болгон дагы эмес.

—Расул Маматкулов менен канчанчы жылы таанышкансыз?

—Расул Маматкулов менен 1990-жылы таанышканмын. Достугубуз азыркыга чейин уланып келе жатат…

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу