Айчүрөк Иманалиева, ырчы: «Адам жеңгенди да, жеңилгенди да билиш керек. Жеңилгендер өздөрү күнөөлүү»

– Айчүрөк эже, көп жылдан бери сахнадан ордуңузду жоготпой келе жатканыңызга кандай сапаттарыңыз жардам берди деп ойлойсуз?

– Туура айтасың, чоң сахнага чыкканыма 30 жылдан ашыптыр. Мурун эстрада жанрын өгөй бала катары көрүп, жакшы көңүл бөлүшкөн эмес. Ошол себептен сахнада көп жыл кармалуу кыйын болчу. Чыгармачылык жолумда мен калп айтып, бирөөнү алдап же жеңил оокатка азгырылган жокмун. Мени айылда таене-таятам багып өстүрүшкөн. Алар Совет доорунун адамдары болгондуктан таалим-тарбияны да жакшы беришти. Бирөөнүн бир нерсесин жула калуу, көз артуу же калп айтуу мага одоно көрүнүш. Ким эмне дебесин эл алдында ишиң таза болсо, убакыт баарын өз ордуна коёт экен.

Сахнага 1990-жылдары чыгып, 5 жылдан кийин эл аралык сынактарга катышып баштагам. Ошондон бери элдин назарынан түшпөй, өнөрүмдү багып, өркүндөтүп келем. Чет өлкөлөргө чыгып эл аралык сынактарга катышып лауреат, дипломант болдум. Акыркы 8-9 жылдан бери таланттуу кыздарды алып барып, байгелүү орундар менен келип жатабыз.

– Илгери артисттер элди ырлары менен сугарып, эл маданият өкүлдөрүн ээрчип тарбияланчу экен. Азыр артисттер элди ээрчип, жеңил-желпи той ырларына басым жасап калышты…

– Ар нерсенин өз убагы болот. Мунун баарын мен убактылуу деп билем. Бизде жеңил-желписи да, кыргыз калкынын тумары болуп илгертен ырдалып келгени да, келечекте ырдала берчү ырлар да арбын. Бул кадимки көрүнүш. Менимче, жаманы болбой жакшы нерсенин баркы билинбейт.

– Кыргызда «жолу ачык адам» деген түшүнүк бар. Алардын жолу дайым шыр болот. Ошол эле учурда Кудайдын сүйгөн пендеси деп сыноого көп тушуккандарды айтып коюшат. Сиз кайсы түрүнө киресиз?

– Мен өз киндигимди өзүм кескем, мага эч нерсе оңой келген эмес. Азыркы болгон байлыгым – үй-бүлөм, күйөрмандарым, ырларым мага чоң эмгектин артынан келди. Албетте, мунун баары Кудайдын колдоосу менен.

– Сиздин өмүрүңүзгө, балдарыңызга коркунуч туудурган окуялар болду. Чыгармачылыкка жаңы аттанган жаштар чыйыр жолдо сынып калбашы үчүн кандай кеп-кеңешиңизди айтасыз?

– Өткөн нерселерге кайрылып отурууга убактым жок, чынында. Бир келген жашоодо колдон келишинче татыктуу жашап өткүм келет. Калган нерселерди убактылуу нерсе деп ойлойм. Ырчы болуу – бул оңой-олтоң иш эмес. Чоң сахнага аттанып жаткандар биринчи билим алышсын. Анан, албетте, үн, талыкпаган эмгек керек.

– Жашыңыз өткөндө сулуулукту сактап калуу үчүн пластикалык операция сыяктуу кызматтарды колдонушуңуз мүмкүнбү?

– Эл көзүндө жүргөндөн кийин келбетти бир калыпта кармап жүрүү керек. Бул чынында эле оор. Энемин да, үйдө болгондо балдарга тамак-аш жасайм, кээде чарчаганда эшикке чыккым келбей балдарым менен эркелешип жатып алам. Ошентип жүрүп билинбей эле толуп кеткен учурларым болду. Бул менин кемчилигим деп билем. Бирок спорт менен машыгып жатып, кайра калыбыма келип алдым. Ал эми ботокс деген сыяктуу каражаттарды колдонуп көргөн эмесмин. Косметологум андай нерселерди мага сунуштабайт. Азыр укмуш жаңычылдыктар чыгып жатат. Келечекте кандай болот, аны көрө жатарбыз.

– Чыгармачыл адамдар гастролдо жүрүп балдарына көңүл бөлө албай калганын «аттиң» кылышат. Сизде ушундай өкүнүчтөр болду беле?

– Ооба, өкүнгөн күндөр болду. Баланы энедей эч ким карай да, тарбиялай да албайт. Мурун шарт башкача эмес беле, гастролго көп чыкчубуз. Азыр болсо, өзүңүздөр деле байкасаңыздар, чет мамлекетке болобу, кайда барбайын балдарымды дайыма жанымда алып жүрөм. Көпчүлүк учурда алыска чакыруулар чыкса балдарды бирөөлөргө ишенип калтырып кете албайм. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, бизде азыр баары жакшы.

– Жакында Хакасияда өткөн эл аралык сынакта сиз таптаган Милана аттуу ырчы кыз биринчиликти багындырып келди. Жеңишиңиздер тууралуу айтып берсеңиз.

– Милананы кичинесинен билем. Апасы «эл аралык сынактарга көп барасыз, кызыбыздын үнүн угуп көрүңүзчү? Жараса алып барып көрбөйсүзбү?» деп сунуштап калды. Үнүн угуп эле жактырдым. Милана азыр болгону 19 жашта, сынакта анын тембри өзгөчө деп жогорку бааны беришти.

– Сынакка чогуу барган кесиптештериңиз менен түшүнбөстүктөр болуптур. Бул нерсе атаандаштыктан улам чыктыбы?

– Буга чейин деле эл аралык сынактарга өлкөнүн атынан 2-3 катышуучу болуп барып, негизги орундарды алып келебиз. Биз ал жакка барганда мени Айчүрөк, кызымды Айчүрөктүн кызы же баланча деген ырчы деп таанышпайт. Баарыбызды эле Кыргыз мамлекетинин өкүлдөрү деп билишет. Ар бир адам жеңүүнү да, жеңилүүнү да билиш керек. Кандай окуя болсо да жеңилгендер өздөрү күнөөлүү. Негизгиси биз Кыргыз жеринен барып, биринчиликти алып келдик, ошол маанилүү эмеспи. Сынакка 20дан ашуун өлкө катышты, биздин максат – Кыргыз өлкөсүн алдыга сүрөө болду. Ал жерде менден башка 10дон ашуун өлкөдөн келген калыстар отурат. Милана болобу, башкасыбы, талантын баалап, күчтүүлөрү тандалды. Мисалы, «Динамо» футбол клубун караңыздарчы, баары биригип бир команда. Чогуу ойноп, атаандаштарынын дарбазасына топ киргизет. Командадан бирөө гана топ тепсе, аны жеңди дебейт да, туурабы? Өлкөнүн аты чыгат.

Кандай окуя болсо дагы бул Кудайдын буйругу. Бир сынак менен жашоо токтоп калбайт. Жаштардын келечеги али алдыда.

«Кайсы эл аралык сынакка барбайлы, байгелүү орундар менен келебиз». «Балдарымды дагы деле эч кимге ишенип таштай албайм». БУЛАК:СУПЕР.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу