Айчүрөк Иманалиева Анжеликага карата сын айттыбы?

Акыркы кездерде ырчылардын ортосунда кайым айтышуу көнүмүш адатка айланып бараткандай.

Көптөн бери “Кыз-Бурак” тобунун мурунку ырчылары Кенже Дүйшеева менен Айжамал Кабылова интернеттеги жеке баракчаларынан бири-бирине жагымсыз пикирлерди жазып, акыры бири-бирин жеке түз эфирге чакырышкан.

Ал эми ушуга удаа эле ырчы Айчүрөк Иманалиева да кызы жана жолдошу менен түшкөн үй-бүлөлүк сүрөтүн инстаграм баракчасына жүктөп, «ата-энеден балдар ажырабай, алардын тарбиясын көрүшү керек, өзгөчө кыз бала атага жакын болот, өзүмдүн жеке жашоомду эмес, балдарымдын кызыкчылыгын биринчи орунга коем» деген сыяктуу пикирин жазды.

Анын жазган бул посту кимге карап айтылганын дароо байкаган ырчынын күйөрмандары Анжеликаны сындап жатып калышты.

Эскерте кетсек, КР эмгек сиңирген ырчысы Айчүрөк Иманалиева ырчы Анжелика Кайратовага продюсер болуп жүрүп, акыры экөө урушуп кетишкен эле.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу