Айчүрөк айым менен Анжеликанын ордун баскан куудулдар Абдылда мырза менен Анарбаевби?…

Акыркы күндөрү маданият тармагындагы өнөр ээлеринин арасында пикир келишпестик пайда боло баштады. Алгачкылардан болуп Анжелика менен Айчүрөк Иманалиеванын айтышы соцтармактыгаларды тажатканы эсибизде…Эми шайлоонун шарапаты менен куудулдардын арасында дагы бири-бирине акыл айткан акыйнегине күбө болдук.

Тактай кетсек, мурдагы эл өкүлү Мээрбек Мискенбаевди түз эфирде тилин кургатып, кайра-кайра суу ичирген куудул Абдылда Иманкулов, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун үгүт иштерине алып баруучу болуп жүргөнүнө күбө болдук эле. Ал тургай аталган куудулдун кылган кызматына Бабановдун штабы 15 миң АКШ долларын шакыратып санап бергенин укканбыз.

Тилекке каршы президенттикке талапкер Бабанов менен атактуу куудулдун ымаласы келишпей, Иманкулов артын карабай кетип калганы жалпыга маалым. Айтымына караганда Бабановдун позициясы бир түндө өзгөрүп кеткени Абдылда мырзага жаккан эмес.

Дегени менен, Бабановдун штабынан алган акчаны Абдылда Иманкулов “кайтарып беремин” дептир. Бирок оң чөнтөккө түшкөн акча, сол чөнтөккө түшкүсү келбейт дечү беле… Баарынан кызыгы, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов акчасын Абдылда Иманкуловдон качан суратаар болду экен деген ой.

Баса, куудул Талант Анарбаев, жогорку окуяга агасы Абдылда Иманкуловду “каралап” чыкты. Ал тургай жергиликтүү ММКлардан маек берип, бугун чыгарып, агынан жарылып, бири-бирине болгон саламын айтып алды.

Эмне дейбиз, ошентип саясатчыларды безгектей чаккан куудулдардын “эркектери”, Айчүрөк айым менен Анжеликанын ордун басты да калды…

“Кстати” урматтуу өнөр адамдары, саясат деген “аралашма”, сахна таптаза, кыргыз саясатында айрым саясатчыларга болгон ишеним качандарда гана “каза”  болгон. Ошондуктан саясатта кимдир бирөөлөрдү колдоп – коштоп абийир таппайсыңар. 26 жылдан бери чириген саясатта бүгүн көзүңдү жумуп чыксаң, эртеси көзүңдү ачып чыкканга туура келет. Өзүңөрдүн достугуңарга бекем болгула…

Эки кыргыз элинин сүйүктүү уулдары жана куудулдары – бири-бириң менен урушпай, бирде тизгини жок, бирде ээри жок ат чабышта келе жаткан Өмүрбек Бабанов менен Сооронбай Жээнбековго жакшы кадамына, жакшы тилек гана айтып койгула.

Барктап турса кең Мекен,

Бабанов болуш эмне экен.

Сыйлап турса кең Мекен,

Сооронбай болуш эмне экен. Бир үйдүн жарыгы – экинчи үйгө тийбейт дечү беле… Камчынын сабы каттуу болгону менен баш жагы териден жасалат. Сойлоп кетип бара жаткан жылаанга, беш таш ажал болуп бербейт. Сиздерге достук жана достук каалайбыз…

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу