Айтылуу «шоопур» — Икрамжан Илмиянов өлкөдөн чыгып кетти. Үй-бүлөсү ага чейин эле АКШда жашап жатканы да айтылууда

Атамбаевдин бийлиги учурунда катардагы шоопурлуктан жогорку бийлик тепкичтерине чейин көтөрүлүп, орден-медалдар менен сыйланган, айрым маалыматтар боюнча жогорку «кадр маселесин» чечип келген Икрамжан Илмияновдун өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу жергиликтүү маалымат булактары, айрым жеке журналисттер ишенимдүү маалыматтарга таянып жазып чыгышты.

Буга улай интернеттин социалдык тармактарынын биринде мурунку депутат Равшан Жээнбеков: «Мен Америкада жүрсөм, ал жактагы кыргыздар Илмияновдун аялы эки кызы менен Нью-Йоркто жашап жатышат деп айтып калышты мага» деген пикирин калтырды. Ошол эле учурда «Умарага зыярат кылганы кетиптир» деген маалыматтар да айтылууда. Кандай болгон күндө да Илмиянов чек арадан өтүп өлкөдөн чыгып кеткени чындык экенин «ВБ» гезитинин сайты УКМКдагы расмий эмес булагына таянып бүгүн, 16-майда жазды.

Белгилей кетсек, жакында эле президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөштү катуулатаарын, бул процессте туугун-уругуна, досторуна да карабашын айткан. Ал эми Илмияновдун эл билген жана билбеген бир топ чуулуу иштери бар экени, андан укук органдарына керектүү дээрлик баардык маалыматтар чыгаары айтылып-жазылып келет.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу