Айтмамат Кадырбаевге суроолор жаралууда

Атамбаевдин доорунда Бишкек, Ош шаарларын жетектеп, «тфү» деген түкүрүктөрү жерге түшпөй күпүлдөп турган Албек Ибраимов менен Айтмамат Кадырбаевдин тагдырлары учурда айрымдардын кызыгуусун жаратууда. Туура, Албек Ибраимов бийликте турганда элге «сиңирген эмгегинин» артынан учурда оор окуяларды башынан өткөрүп жатат. Мындай шартта биз жыгылган кишини тепкилебей эле тек коёлу. Кызыгы, Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимов шектүү катары кармалат да, Ош шаарынын экс-мэри Айтмамат Кадырбаев кызматынан жогорулап, министр орун басарлыгына секирик жасап кетүүдө. Албетте, таза болсо аркалай берсин. Болгону Айтмамат акебиздин мындай ийгилигине карата саясый чойродо суроолор жаралып жатканын кайда катабыз? Же укук коргоо органдары Кадырбаевдин артын казып текшеришип, илинчек жок экендигине көзү жеткенден кийин аны министр орун басарлыгына кондуруштубу? Мындай суроолорубузга экс-мэр өзү жооп узатып коёр. Азырынча катуу кетпей туралы.

Булак: “Ачык сөз”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу