Айтибай Тагаев, экс-спикер: “Мен Бакиевге терең ыраазымын, Отунбаеванын жылуу пикирине арзыгам”

Кезегинде бул персонанын спикерликке секирик жасашы көптөрдү сестентип, айрымдардын Алласын оозунан түшүргөндөй элес калтырган. Ким кандай дебесин, Айтибай акенин Жогорку Кеңештин тарыхында эл өкүлдөрүн жетектеп бир жыл, жети ай спикер болгону өжөр факт. Албетте, кандай деңгээлде иштегени экинчи, үчүнчү маселе. Ал жагына мезгилдин агымы менен эл, тарых өзү баа берер. Биз болгону бул сапар эл көзүнө анчейин чыкпаган бир кездеги олуттуу саясый фигуранын учурдагы аракеттерине кызыгып, бир нече суроолор менен кайрылдык.

— Айтибай аке, бир кездери парламенттин эки чакырылышынын депутаты, андан соң спикер, Баткен облусунун губернатору өңдүү үлкөн кызматтарды чеңгелдеп, жаманбы-жакшыбы бул жагынан аздыр-көптүр тажрыйба топтой алдыңыз эле. Учурда каяктасыз? Эмне иштер менен алек болуп жатасыз?

— Учурда эл катары жашап жүрөбүз, үкам. Өзүм Бишкекте турганым менен балдарым Ошто жашашат. Бала-бакырама барып-келип, кичи мекенимдеги эл-журтка каттап, тууган-уруктун жакшылык-жамандыктарында катташып турам. Түштүккө көп каттайм, өзгөчө киндик каным тамган Ноокат аймагына. Жашыбыз келгенге байланыштуу пенсияга чыгып алгам.

— Бакиевдердин маалында ооматыңыз болушунча артпадыбы. Ошондо өздүк бизнесиңизди жолго коюп алгансыз да ээ? Азыр ошондон түптөлгөн ырыскыңыз менен алпурушуп жүрөсүзбү?

— Пенсияга чыктым дедим го, үкам. Пенсионер кишиге кайдагы бизнес?

— Азыркы парламент депутаттарынын деңгээлдерине кандай баа бересиз? Өзгөчө айрымдар азыркы спикерди “жаш, тажрыйбасы аз” деп сыпаттама берип калышат. Экс-спикер катары азыркы төрага менен эл өкүлдөрүнүн деңгээли купулуңузга толобу?

— Эми парламенттин иштегенин баарыбыз эле көрүп жатпайбызбы. Булардын ишин орто деңгээлде десем жаңылышпасам керек. Албетте, эл өкүлдөрүнүн ичинде да мыкты депутаттар отурушат. Ал жагын танбашыбыз керек. Андай депутаттардын аттарын аташтын деле кереги жок. Өзгөчө эл үчүн жанардай күйүп-жанган, жаш, оттон-суудан кайра тартпаган, чыйрак эл өкүлдөрүбүздүн бар экендиги кубандырат. Баягы “беш манжа тең эмес” деп айтылгандай, парламенттин ичинде да түрдүү депутаттарыбыз бар. Ал эми спикерди мен жаш катары айта албайм. Анын алгачкы парламентке келгени менен азыркысын салыштырып көрсөк, айырма өтө чоң. Мен бул жигиттин келечеги кең деп ойлойм. Болгон аракетин кылып, дараметинин жетишинче иштеп жатат. Мен ойлойм, азырынча спикер татыктуу эле ордунда турат.

— Бир кездери сиз парламент төрагалыгынан Баткен облусунун губернаторлугуна кадрдык ротациянын жели менен которулуп кеттиңиз эле. Учурдагы бийлик азыр кадрдык ротацияны баштады. Бул көрүнүшкө оюңуз кандай?

— Биринчиден, азыр президентибиз Сооронбай Шарипович жакшы иш алып барып жатат. Маселен, биз жаш кезде мен жашаган түштүктө райкомдун 1-катчысы же райисполкомдун жетекчилигине түндүктөн келген залкар адамдар иштешээр эле. Мындай көрүнүштү баса белгилеп айтканымдын себеби, мен дагы кубаттуу союз учурунда Фрунзе шаарында окуп, тарбия алып калдым. Ал учурда Фрунзеге өлкөбүздүн булуң-бурчунан жүздөгөн, миңдеген жаштар келип окушуп, окууну аяктарда каяктан келгенибизге карабай бир атанын балдарындай болуп калар элек. А азырчы? Мен таңгалам, азыр облустун борборлорун мындай кой, райондордун борборлорунда жогорку окуу жайлардын филиалдары бар. Өлкөбүздүн ар кайсы аймагындагы жаштар анан кантип бири-бирин таанышып, дос боло алышат? Ротация боюнча урматтуу президентибиз эң туура маселени козгоп, мына ал маселени акырындап жолго коюп жатат да. Болду го эми жетишет, бизди кокту-колотко бөлүнгөндү токтотушубуз керек го. Эгер биз өзүбүз менен өзүбүз эле бир регион ичинде ич ара кайнай берсек, албетте, эл арасында бөлүнүүчүлүк болот да. Мен баса белгилеп айта алам, кадрдык ротациянын келечеги жакшы.

— Бийлик сизди учурдагыдай кадрдык ротациянын арты менен кызматка чакырса барат белеңиз?

— Учурда “кызматка барып иштейт элем” деген жаштар абдан көп. Өзгөчө чет мамлекеттен окуп келген, дүйнө таанымы кең жигиттерибиз жүрүшөт го иш издешип. Биз андан көрө ошондой идиректүү, өзөгү бар чыйрак жигиттерди тарбиялашыбыз керек.

— Каалайбызбы-каалабайбызбы өлкөбүздүн тарыхында спикер катары атыңыз жазылып калды. Ошого карабай сиздин ысымыңызга байланыштуу сындар күнү бүгүн да айтылат. Бакиев сизди жердешчиликтин желаргысы менен тажрыйбаңызга карабай туруп эң жогорку спикерликке көтөрүп, кадрдык саясатка “ушатып” кеткенин моюндайсызбы? Дегеле өзүңүздүн ысымыңызга карата айтылган коомчулуктун түрдүү сындарына кандай жообуңуз бар?

— Биринчиден, Курманбек Бакиевдин кылып кеткен иштерин азыр да көрүп жатабыз. Ага караганда кийинкилердин креслого отургандан баштап, элдин кызыкчылыгын өзүнүн кызыкчылыгына айырбаштап, кызматта турган учурунда жеке капчыктарын кампайтуу менен алек болгондордун ишин азыр көрүп жатабыз го, же жалганбы? Ооба, Кудайым пешенеме жазган экен, Жараткан Аллам өзү мага жар болуп, парламенттеги 90 депутаттын ичинен 88и мени колдоп (бир депутат каршы болгон, ал али да эсимде), Жогорку Кеңештин төрагасы болуп 2008-жылдын май айында шайландым. Эгерде Курманбек Бакиев мени колдоп, депутаттар колдобой коюшса, мен кайдан спикер болот элем? Мен парламенттин төрагалыгына шайланганда депутаттар арасында бөлүнүп-жарынуучулук аябай күч алган. Биз андагы чакырылыштагы эл өкүлдөрү менен тыгыз, бир атанын балдарындай жакшы иштештик. Кийин спикерликтен кетип жатканда Роза Исаковна Отунбаеванын жылуу кебине абдан ыраазы болгом. Ал эми мага карата айтылган сындар боюнча айтаарым, бийликтин эң жогорку бутагы болгон Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турсаң, коомчулуктун бутасына алынасың да, туурабы? Ал эми оозуна алы жетпей сындагандар эмне дешсе ошо дешпейби!

— Курманбек Бакиев менен сизди бийликтин кайыгында бир сүздүргөн тагдырыңызга, маңдайга жазган пешенеңизге ыраазысызбы?

— Эмнеге ыраазы болбошум керек? Мен Бакиевге терең ыраазымын. Ал киши иштегенде өлкөбүздөгү өндүрүш өнүгүп, алдыга кеткен. Мен өзүм өндүрүшчүмүн, бул тармакка абдан тыкыр көңүл бурам. Өлкөбүздөгү өндүрүш ошол темптегидей кеткенде, бүгүн мамлекетибиз азыркыдай абалда болмок эмес.

— Атамбаевдин доорунда мамлекетке суук колун салгандардын айыбы ачылып, Бишкек ТЭЦиндеги абалдан улам бир катар чиновниктер жазаланып, камакка алынышууда. Ошолорду каматуу менен Сооронбай Шарипович туура жолдо баратабы же үзөңгүлөш досторунан өч алуу жолуна түштүбү?..

— 2005-жылы парламенттин 3-чакырылышында депутат катары Сооронбай Шарипович менен жакындан тааныш болуп, эки жарым жылдан ашуун бирге иштешип калдык. Мен бул кишинин бир сапатына өтө ыраазымын. Сооронбай Шарипович таза адам. Чогуу иштешкен учурда анын бирөөдөн бир тыйын албаган тазалыгын баамдагам. Муну менен айтайын дегеним, жегендерди кустуруш керек! Сооронбай Шарипович учурда элге жаккандай абдан жакшы иш алып барууда. Мен бул кишинин иш-аракеттерин колдойм! Баштаган ишин акырына чыгарарына ишенем. Сөзүмдүн башында айткандай, азыр мен эл аралап, өзгөчө түштүк жергебизди көп кыдыруудамын. Ошондой учурларда сүйүктүү элибиздин Сооронбай Шариповичтин жасап жаткан жакшы иштерине ыраазычылыгын кадимкидей байкап жатам. Азыр карагылачы, өлкөбүздүн ички-тышкы карызы канчалык деңгээлге келип жетти? Аны ким төлөйт?

— Келечекте парламентке кайрадан депутат болуп келип, сүйүктүү элиңиздин жүгүн аркалайм деген оюңуз барбы?

— Аны убакыт көрсөтөт. “Генерал болууну каалабаган солдат – солдат эмес” деген кепти билесиң да, үкам. Баардыгы маңдайга жазган буюрган тагдырга жараша болот. Бара көрөлү.

— Өлкөдө абалга, өзгөчө социалдык, экономикалык жагдайыбызга бааңыз кандай?

— Мурдагы бийликтен тонолуп, чачылып калган жыртыктар азыркы бийликке мураска калды. Аны бир заматта оңдоп, гүлдөтүп ийиш азыркы бийликке кыйын. Туура, азыр өлкөдө бул жагынан утурумдук кыйынчылыктар болууда. Бирок, биз бул сыноолордун баарысынан татыктуу өтүп, Кудай буюрса кыйынчылыктардын баарысын артка таштап, көйгөйлөрдү жеңип кетебиз деген ишенимдемин.

— Спикер болуп турганда кыргыз парламентин эл аралык мааниге көтөрүп, канча өлкө менен кызматташуу жагын жолго коё алдыңыз?

— 2008-жылы 21-ноябрда Стамбул шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясына катышып, ошол маанилүү иш-чарада спикер катары кол койгом. Бул маанилүү иш-чарага менин абдан чоң салымым бар. Ошондогу бактылуу, жылуу ирмемдер эсимден кетпейт. Бул мен үчүн жашоомдогу эсте калган жакшы күндөрдүн бири болгон.

Калыгул Бейшекеев

Булак: «АЗИЯньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу