Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль тагынды

Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова Түркиянын Стамбул шаарында өткөн «Yasar Dogu» эл аралык турнирде күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу спортчу өзүнүн социалдык баракчасында билдирди.

Айта кетсек, Айсулуу Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмак менен күч сынашып, атаандашы Тунис спортчусу Фатма Иноублини 11:0 эсебинде утуп алды. Чейрек финалда Тыныбекова германиялык балбанды 7:0 эсебинде жеңип, жарым финалда азербайжандык Элмира Гамбалованы утуп алды. Финалдык беттеште Айсулуу Тыныбекова болгариялык Тайбе Яссейн менен күч сынашмак. Бирок кандайдыр бир белгисиз себептерден Айсулуу Тыныбекова килем үстүнө чыкпай күмүш медалды тагынды.

Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова Испанияда өткөн мелдеште алтын медалды тагынып, Кытайда өткөн мелдеште коло медалдын ээси болгон.

Булак:заман

Аргумент.kg
Жооп калтыруу