АЙСУЛУУ ТЫНЫБЕКОВА ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ КҮЧТҮҮ БАЛБАН КЫЗДАРДЫН АРАСЫНДА 3-ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова күчтүү балбандардын дүйнөлүк тизмесинде 3-орунга көтөрүлдү.

Жаңыланган тизменин рейтинги  кечээ, 6-июнда Индияда өткөн Азия чемпионатынын жана Азербайжандагы Ислам тилектештик оюндарынын жыйынтыгы менен жарыяланды.

Айсулуу Тыныбекова Делидеги Азия чемпионатында эки алтын медалды катары менен тагынган.

А. Тыныбекова бир аптанын ичинде эки алтын медалды багынтуу менен 58 кг салмак категориясы боюнча 4-орундан 3-орунга көтөрүлгөн.

Тизмеде Айсулуу Тыныбекованын алдында, 1-орунда япониялык спортчу,

4 жолку олимпиада чемпиону Каори Ичо турса,

2-орунда тунистик балбан  Марва Амри бар.

Ал эми, 4-орунду орусиялык спортчу Валерия Жолобова ээледи.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова буга чейин  Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (United World Wrestling) тандоосу боюнча дүйнөдөгү эң күчтүү балбан кыздардын арасында 5-орунду ээлеп келген.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу